Алмазбек Сокеев Япониянын Жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлигинин Саясий бюросунун чет өлкөлүк долбоорлор департаментинин улук директору Исикава Тору менен жолугушту
Понедельник, 18 Март 2024 11:57

Алмазбек Сокеев Япониянын Жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлигинин Саясий бюросунун чет өлкөлүк долбоорлор департаментинин улук директору Исикава Тору менен жолугушту

Бүгүн, 18-мартта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Япониянын Жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлигинин (MLIT) Саясий бюросунун чет өлкөлүк долбоорлор бөлүмүнүн улук директору Исикава Тору менен жолугушуу жыйын өткөрдү.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар технологиялык чечимдерди, экологиялык туруктуу практиканы жана эл аралык кызматташтыкты камтыган суу ресурстарын башкарууга инновациялык ыкмаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча биргелешкен күч-аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

“Бүгүнкү жолугушуу MLIT менен кызматташуубуз үчүн жаңы горизонтторду ачат. Биз өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана суу ресурстары тармагындагы мыкты тажрыйбаларды алмашууга умтулабыз. Муну менен бирге кызматташуунун негизги 5 багыты катары биринчиден, Кыргызстандын аймагында чакан суу сактагычтарды курууну, экинчиден, суу чарба арыктарын (каналдарын) реконструкциялоону, үчүнчүдөн, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын ишке киргизүүнү, ал эми төртүнчүдөн, санариптештирүү жана сууну эсепке алуу үчүн датчиктерди орнотууну, ошондой эле ичүүчү таза суу менен камсыздоону сунуштайм”, - деп белгиледи Алмазбек Сокеев.

Өз кезегинде Исикава Тору мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдирип, суу ресурстарын туруктуу өнүктүрүү үчүн эл аралык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Read 24 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…