Ысык-Ата районунда “Ивановка” кичи суу сактагыч ишке берилди
Вторник, 15 Апрель 2025 10:10

Ысык-Ата районунда “Ивановка” кичи суу сактагыч ишке берилди

 Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районундагы 2024-жылы башталып 2025-жылы толук капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн “Ивановка” декадалык жөнгө салуу бассейнинин ишке берүү аземин ачты.

Суу сактагычты ачуу аземинде министр Бакыт Төрөбаев Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан саясий багытынын алкагында агроөнөржай тарамагын жаңы деңгээлге көтөрүүгө болгон иш-аракеттер өз натыйжасын берип жатканын белгиледи.

— Мына жакшынакай суу сактагыч толук оңдоодон өттү. Эми дыйкандарыбыз суу менен кенен камсыз болуп, жаңы жерлерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ар дайым элибизде суу болсун. Дыйкандарыбыз иштеткен жеринен береке таап, кирешеси көбөйүп, өлкөбүздүн экономикасы өсүп, токчулук болсун, - деп билдирди министр Бакыт Төрөбаев.

Кичи суу сактагычтын сугат аянты капиталдык оңдоого чейин 300 гектарды түзчү. Капиталдык оңдоодон кийин бассейнге топтолгон сугат суунун сыйымдуулугу көбөйүп, 1,200 млн. м3 жетип, кошумча 600 гектар айдоо жерге жана 60 гектар кайрак жерге суу берүү мүмкүнчүлүгү кеңейди. Натыйжада жалпы 960 гектар жерди сугарууга шарт түзүлдү.

Оңдоо иштери геомембрана төшөө менен аткарылды.

БДР Чүй облусунун, Ысык-ата районунун Кең-Булуң айыл аймагынын станция Ивановка айылында жайгашкан.

 

 

Read 384 times Last modified on Вторник, 15 Апрель 2025 10:11
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…