Маалым болгондой, район аймагында суу топтоочу бир жай, 224 чакырым канал жана 84 чакырым ички чарбалык арыктар бар.
«Биз жазгы сугат ишине даярдыктарды январь айынын башында баштаганбыз. Учурда Тепке, Курбу, Чолпон жана Каракол айылдарын сугат суу менен камсыз кылчу суу топтоочу жайдын 50 пайызы тазаланды. Кар жаап калгандыктан иш убактылуу токтоп калган. Учурда каналдарды да тазалоо иштери башталды. Ал үчүн 4 техникалар иштеп жатат», - деди ал.