Сокулук районунда “Шорго” суу сактагычындагы насостук станциянын курулушу жигердүү жүрүп жатат
×

Внимание

There was a problem rendering your image gallery. Please make sure that the folder you are using in the Simple Image Gallery Pro plugin tags exists and contains valid image files. The plugin could not locate the folder: images/shorgo

Пятница, 11 Июль 2025 04:09

Сокулук районунда “Шорго” суу сактагычындагы насостук станциянын курулушу жигердүү жүрүп жатат

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айыл аймагында жайгашкан “Шорго” декадалык жөнгө салуу бассейнинин базасында насостук станциянын курулуш иштери менен жеринен таанышты.

Бул объект СССР маалында 700 гектар сугат жерлерди камсыздоо максатында курулган, бирок узак убакыттан бери ишмердүүлүгү токтоп турган.

Учурда республикалык бюджети тарабынан каржыланып, инфраструктура кайрадан жандандырылууда.

Насостук станциянын курулушунда заманбап техникалык талаптарга жооп берген, жогорку басымга туруктуу жаңы үлгүдөгү түтүктөр колдонулууда.

Насостук станциянын курулуш иштерин быйыл август айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

“Жаңы инфраструктура аркылуу 520 гектар сугат жер суу менен камсыз болот. Бул долбоор Сокулук районундагы айыл чарба өндүрүшүн жандандырууга жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга олуттуу салым кошот”, - деп белгиледи Төрөбаев.

{gallery}shorgo{/gallery}

Read 165 times Last modified on Понедельник, 14 Июль 2025 04:10
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…