Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүндөгү Кара-Кол ирригациялык каналынын реконструкциялоо иштери улантылып жатат. Узундугу 14,05 км болгон бул канал реконструкциядан өткөн соң 1200 гектар жерди сугат суу менен камсыздайт.
Реконструкция иштери 2019-жылы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн демилгеси менен башталып, Ага Хан фондунун колдоосу менен долбоор даярдалып, жалпы 49 млн сомдон ашуун каражат каралган. Ошондой эле, каналга 3000 метр түтүк, цемент жана арматура сатып алынган. Бирок долбоор жер маселелеринен улам токтоп калган.
Кийинчирээк Президенттин тапшырмасы менен мамлекеттик колдоого алынып, Кара-Кол каналынын курулуш иштерин бүтүрүү максатында 2022-жылы этап-этабы менен курулуш иштери жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө 3300 метр канал бетон менен капталып, 3284 метр түтүк орнотулду. Мындан сырткары, дюкерлерге түтүк орнотуу иштери жүргүзүлүп, 5 сел өткөрүүчү курулма курулуп жатат. Курулуш иштери 2025-жылы ноябрь айында толук аяктайт.
Аталган каналды жаңылоо Баткен районундагы дыйкандардын сугат суу маселесин чечүүдө маанилүү роль ойнойт.



