Баткен облсунун Раззаков шаарынын калкын сапаттуу, санитардык талаптарга жооп берген таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча Чөлгөн–Сай суу булагын механикалык жана санитардык тазалоо, суунун булактан алынуусун модернизациялоо, инфраструктурасын жакшыртуу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу иштери жүргүзүлөт.
Мындагы аткарылып жаткан иштер менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары. Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жеринен таанышты.
Долбоор аймактагы таза суу жетишсиздигин жоюуга, тургундардын жашоо сапатын жогорулатууга жана ден соолукту коргоого багытталган. Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу менен 181 кожолук, 43 коммерциялык түйүндөр, 12 мекеме ишканалар таза суу менен камсыз болуусу мерчемделүүдө.
