ДЫЙКАНДАРГА СУГАТ СИСТЕМАЛАРЫ ҮЧҮН 2% ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯЛАР БЕРИЛЕ БАШТАДЫ
Среда, 15 Апрель 2026 05:10

ДЫЙКАНДАРГА СУГАТ СИСТЕМАЛАРЫ ҮЧҮН 2% ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯЛАР БЕРИЛЕ БАШТАДЫ

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги суу үнөмдөөчү технологияларды, анын ичинде заманбап сугат системаларын киргизүүгө багытталган жеңилдетилген насыялар бериле баштаганын маалымдайт.

Бул программа суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында ишке ашырылууда.

Программанын жалпы каржылоо көлөмү 500 млн сомду түзөт.

Программанын шарттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

пайыздык чен — жылына 2%

насыя мөөнөтү — 7 жылга чейин

жеңилдетилген мезгил — 12 айга чейин

максаты — сугат системаларын (анын ичинде жамгырлатма) сатып алуу жана орнотуу

Арыз берүүчүлөрдү тандоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлөт. Насыяларды берүү «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААК аркылуу ишке ашырылат.

 

 Кенен маалымат алуу жана арыз берүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарына кайрылыңыз.

 Байланыш үчүн: 0502885554

Read 38 times Last modified on Среда, 15 Апрель 2026 05:13
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…