Ош облусунда Куршаб-Сай ирригациялык системасын модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө
Среда, 15 Апрель 2026 09:10

Ош облусунда Куршаб-Сай ирригациялык системасын модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги иш сапарынын алкагында Ош облусуна барып, аймактагы сугат системаларын жакшыртуу, гидротехникалык курулмаларды жаңылоо жана айыл чарба жерлерин сугат суу менен туруктуу камсыз кылууга багытталган иштердин жүрүшүн көрүп чыкты.

Ош облусунда ирригациялык инфраструктураны жаңылоо жана айыл чарба жерлерин туруктуу сугат суу менен камсыз кылуу максатында Куршаб-Сай ирригациялык системасын модернизациялоо боюнча ири долбоор ишке ашырылууда. Долбоор сугат тармактарынын натыйжалуулугун жогорулатууга, суу жоготууларын азайтууга жана аймактагы дыйкан чарбаларынын өндүрүмдүүлүгүн арттырууга багытталган.

Долбоордун алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан Куршаб-Сай дарыя системасына кирген бир катар каналдар реконструкцияланып, модернизацияланууда. Атап айтканда, Отуз-Адыр каналы (43,5 км), К-9 чарба аралык каналы (4,3 км), К-9-1 каналы (1 206 м) жана МКС каналы (2 090 м) жаңыланат. Жалпысынан каналдардын реабилитациялануучу узундугу 42 385 метрди түзөт.

 Бул ирригациялык система 13 114 гектар айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыз кылат. Долбоор аяктагандан кийин сугат каналдарынын өткөрүү кубаттуулугу да жогорулайт. Курулуш иштери 2025-жылдын 24-октябрында башталган жана 2028-жылдын 23-октябрына чейин аяктоо пландалууда.

 Куршаб-Сай ирригациялык системасын модернизациялоо долбоору ишке ашырылгандан кийин аймактагы сугат инфраструктурасы жаңыланып, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө, суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга олуттуу салым кошот.

Read 47 times Last modified on Среда, 15 Апрель 2026 09:50
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…