Базар-Коргон суу сактагычынын аймагында тартип орнотуу иштери уланууда
Понедельник, 08 Июнь 2026 04:52

Базар-Коргон суу сактагычынын аймагында тартип орнотуу иштери уланууда

 

  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан Базар-Коргон суу сактагычынын айланасында жерлерди мыйзамсыз ээлеп алып, мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан жарандарды аныктоо жана мыйзам талаптарын аткаруу максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
  • Рейдге Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, райондук ички иштер бөлүмү жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.
  • Белгилей кетсек, Базар-Коргон суу сактагычы ирригациялык максатта пайдаланылуучу стратегиялык маанидеги гидротехникалык объект болуп саналат. Анын негизги милдети — айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыз кылуу.
  • Ошондуктан суу сактагычтын аймагын мыйзамсыз ээлеп алуу, коммерциялык максатта пайдалануу жана башка мыйзамсыз аракеттерге жол берилбейт.

 

 

 

 

Read 106 times Last modified on Понедельник, 08 Июнь 2026 05:29
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…