Сиздерди 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Среда, 23 Сентябрь 2026 03:51

Сиздерди 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Урматтуу Суу ресурстары кызматынын жамааты!

 

Сиздерди 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

 

Эне тилибиз — элибиздин көөнөрбөс казынасы, улуттук сыймыгы, бай кылымдык тарыхыбызды, маданиятыбызды жана баалуулуктарыбызды муундан муунга өткөрүп келген негизги куралыбыз. Кыргыз тили — мамлекетибиздин эркиндигинин, көз карандысыздыгынын жана биримдигинин ажырагыс симфониясы.

 

Бүгүнкү күнү суу ресурстары тармагында эмгектенип жаткан ар бир адистин жоопкерчиликтүү ишинде мамлекеттик тилибизди кеңири колдонуу, аны өнүктүрүү жана кесиптик чөйрөдө туура, так алып баруу — баарыбыздын мекенчилдик милдетибиз.

 

Суу — өмүрдүн булагы болсо, тил — улуттун өмүрү.

 

Суу ресурстары кызматынын толук курамына, ар бир кызматкерине бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ачык асман жана элибизге кылган ак кызматыңыздарга чоң ийгиликтерди каалайм! Эне тилибиздин кадыр-баркы асмандай бийик, өмүрү түбөлүктүү болсун!

 

 Терең урматым менен,

Министрдин орун басары — Суу ресурстары кызматынын директору Торогельдиев Уланбек Тургунбекович

Read 179 times
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…