Кыргыз Республикасынын суу ресурстары кызматы бардык кыргызстандыктарды Эмгек Күнү менен куттуктайт!
Биринчи май жазгы күндүн нуруна жана жылуулугуна толгон күн.
Бул майрам кесиптерди жана муундарды бириктирип, элибизге дем жана энергия берип келет. Ал эми тынчтык жана эмгек сыяктуу түшүнүктөр жаратмандыктын түбөлүк символу, коомдун өнүгүшүнүн, экономиканы чыңдоонун өбөлгөсү болуп саналат.
Баарыңыздарга ачык асман, бекем ден-соолук жана жазгы маанай каалайбыз! Ар бир үйдө бакубатчылык ɵкүм сүрсүн!