Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элин Конституция күнү менен куттуктады!
Воскресенье, 05 Май 2024 06:07

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элин Конституция күнү менен куттуктады!

Кымбаттуу мекендештер!

Урматтуу кыргызстандыктар!

5-май – эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхында өзгөчө маанилүү күн!

Конституция күнү - элибиздин эркиндигинин, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн, жаратмандык менен мээнет кылуунун жана адилеттүү, өнүккөн коом куруунун майрамы.

Бул күн баарыбызды мыйзам ченемдерин урматтоого, адам укуктарын баарынан бийик коюуга, өз укуктарыбызды коргой билүүгө, ошону менен бирге ар бирибиздин коомчулук алдындагы өз милдеттерибизди сезүүгө үндөп, келечек муун алдында биздин зор жоопкерчилигибиз бар экенин эскертип турат.

Баш мыйзамыбыздын укуктук маңызы гана эмес, руханий жана маданий мааниси да бийик. Элибиздин келечек мүдөөсү менен дүйнө таанымын чагылдырып, өлкөбүздүн өнүгүү багытын аныктоочу пайдубал катары кызмат кылат.

Конституция – мамлекеттик жана жарандык биримдикти символдоштурган өзгөчө баалуулук. Бул баалуулукту барктай да, баалай да билүүгө тийишпиз.

Баш мыйзамыбыздын ченемдерин кыйшаюусуз аткарууну сүйүктүү Мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүнүн кепили катары кабылдашыбыз абзел.

Биздин негизги милдетибиз Конституцияда камтылган баалуулуктарды карманып, анын ченемдерин бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү болуп саналат.

Кадырман кыргызстандыктар!

Укуктук таянычыбыз жана башкы тирегибиз болгон Конституциябыздын күнү менен дагы бир жолу куттуктаймын!

Баштаган реформаларыбыз жүзөгө ашып, көздөгөн максаттарыбызга жетели.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, узак өмүр, бейпил турмуш, бардар жашоо каалаймын.

Майрамыңыздар кут болсун!”.

https://president.kg/news/all/25288

Read 15 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…