Өкмөт 2017-2026-жылдарына Кыргыз Республикасынын сугат өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын бекитти
Понедельник, 31 Июль 2017 11:22

Өкмөт 2017-2026-жылдарына Кыргыз Республикасынын сугат өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын бекитти

Өкмөт 2017-2026-жылдарына Кыргыз Республикасынын сугат өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын бекитти. Тиешелүү токтомго өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков тарабынан кол коюлгандыгы тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 26-июлда билдирди.

Республиканын сугат тармактарынын басымдуу бɵлүгү 30, 40 же андан да көп жыл иштеп жатат. Документе айтылгандай акыркы жылдарда калктын санынын өсүшү менен сугат объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү КР үчүн зарыл жана кечиктирилгис милдет болуп саналат.

Мамлекеттик программада айыл тургундарына жаңы сугат жерлер менен камсыздоо үчүн сугат тармактарын куруу каралган. Айыл чарба азыктарын өстүрүү үчүн ɵздɵштүрүлгɵн жаңы сугат жерлер коомдук-экономикалык абалды жакшыртууга жана региондордун өнүгүшүн камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзɵт, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун жана жакырчылыкты кыскартуу маселесин чечүүгө жардам берет.

Кыргыз Республикасынын 2017-2026 жылдары сугат өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программада өлкөдө 100 гɵ чукул сугат курулуш долбоорлору кароого алынган. Региондор үчүн экономикалык жана техникалык көрсөткүчтөрү коомдук мааниси бар, президент, өкмөт жана парламентке айыл тургундарынын кайрылууларынын негизинде 46 суу чарба курулуштары тандалган.

Мамлекеттик программа 66,5 миң. га жаңы сугат жерлерин ɵздɵштүрүүгө, 51,08 мин. га жерине сугат суу менен камсыз кылууга, 9,5 миң. га жерди машиналык сугаруудан ɵзү агып сугарууга которууга, 50 миң. га жердин мелиоративдик абалын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Аталган долбоор 2017-2026-жылдар аралыгында ишке ашыруу, республиканын аймактарында эн керектүү ɵнүгүү багытындагы негизги максаттардын ишке ашырылышына шарт түзүлɵт.

  • 242 миң жаңы жумушчу орундары түзүлүп, чек ара аймактарында калкты жайгаштыруу менен чек ара аймагын бекемдɵɵгɵ жана миграциалык агымдын кыскарашына шарт түзүлɵт;
  • Жаңы ɵздɵштүрүлгɵн жерлердин орточо эсеп 1 га жер ижара акысы 20-25 миң сомдон берилсе, жыл сайын 1,5 млрд. сщм киреше алып келсе. Ыктымалдуу ички дүң продукция 12 млрд. сомго жакын болуп (1 га үчүн 180-200 миң сомдон эсептегенде) ɵндүрүлгɵн айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар, заводдор курулуп, ɵлкɵбүздɵ айыл чарба продукцияларын экспортоо мүмкүнчүлүктɵрү кеңейип, ɵнүгүүсүнɵ чоң ɵбɵлгɵ түзүлɵт.
  • Жаңы ɵздɵштүрүлгɵн жерлерди айыл ɵкмɵтүнүн фондуна калтыруу менен жаңы кооперативдик бирикмелерди түзүүнүн негизинде үрɵн себүү сакталып жердин күрдүүлүгүн сактого, ошондой эле жаңы агротехникалык ыкмалар менен иштетүүгɵ жана үнɵмдүү жаңы сугат технологиялык ыкмалардын киргизүүгɵ шарт түзүлɵт.
  • Бул долбоордун алкагында глобалдык климаттык ɵзгɵрүүгɵ байланыштуу мɵгүлɵрдүн жана суу ресурстарынын жыл сайын азайышы да эске алынган. Айта кетсек, долбоордогу 45 ирригациялык объектилердин 20 объектилери суу сактагыч БДр, БСРлердин курулуштары комплекстүү түрдɵ киргизилген жана жалпы суу топтоо кɵлɵмү 500 млн. м3 түзɵт. Суу тартыш болгон жылдары 50.0 миң. Га айдоо аянтында сугат суусуна болгон муктаждыгын жогорулатууга шарт түзүлɵт.
  • Ошондой эле бул долбоордогу суу сактагычтарда ирригациалык режимде иштɵɵчү ГЭСтердин курулушуна да мүмкүнчүлүк түзүлɵт жана ɵндүрүлгɵн электроэнергия региондордун ɵнɵгүүсүнɵ шарт түзүп, жана ошону менен бирге ГЭСтердин курулушуна инвистициялык каражаттарды салууга кызыктар болгон инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк түзүлɵт. Бул стратегиялык багыттагы иш-чаралардын негизги максаты айыл элинин жашоо шарттын жакшыртууга, мамлекетибиздин экономикасынын гүлдɵп чоң ɵбɵлгɵ түзɵт.

Тиркеме: www.gov.kg

Read 1906 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…