“Жылдын мыкты мекемеси” сынагына Чүй мамлекеттик бассейндик чуу чарба башкармалыгынын жетекчиси Руслан Девяткулов : “Сыноолорду ийгиликтер менен жеңүүдөбүз”
Четверг, 03 Август 2017 08:10

“Жылдын мыкты мекемеси” сынагына Чүй мамлекеттик бассейндик чуу чарба башкармалыгынын жетекчиси Руслан Девяткулов : “Сыноолорду ийгиликтер менен жеңүүдөбүз”

Каарманыбыз Девяткулов Руслан Жакшылыкович өз мезгилинде К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтунун гидрофакультетин аяктап, 27 жылдан бери суу чарба башкармалыгында эмгектенип келе жатат. Сокулук районундагы Арал айылынын кулуну. 6 жылдан бери Чуй мамлекеттик бассейндик чуу чарба башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп келе жатат.  Айыл чарба кызматынын отличниги,

Руслан мырза биз менен болгон баарлашуусунда Чүй мамлекеттик бассейндик суу чарба башкармалыгындагы иш-аракеттер, элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылган даркан талааларга суу жеткирүүнүн абалы туурасында айтып берди.

Жалпы облусубузда 320 миң гектар сугат жерлер бар. Биз жайыт талааларыбызды сугат суу менен камсыз кылуу үчүн былтыркы жылдын күз мезгилинен тартып даярданганбыз. Карамагыбыздагы заманбап техникаларыбыз даярдыктарды көрүүдө ийгиликтүү жыйынтыктарды жаратты. Жасала турган иштердин 30-40 пайызын былтыр жыл аягында эле жасап койгонбуз. Быйыл эрте жаздан баштап башкармалыгыбыздын негизги милдеттери болуп саналган иштер менен алек болдук. Бизге бериле турган каражаттар дагы өз мезгилинде берилип, жылдын алгачкы 2 кварталында ал каражаттардын 80 пайызына ээ болдук. Ошондуктан тээ союз мезгилинен тартып даркан талааларга суу жеткирүү үчүн пайдаланылып келе жаткан каналдарды сугат мезгилине ойдогудай кылып даярдап алууга үлгүрдүк. Ал эми ички чарбалык каналдар боюнча бир топ эле маселелер бар. Бул  маселелерди чечүүдө облусубуздагы айыл аймактарынын башчылары СПАлардын жана жергиликтүү тургундардын жардамына таянып иш алып барышууда. Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинен тартып суу жеткирчү каналдарыбыздын баардыгы даяр болуп, дыйкандарга суу бере баштадык. Быйыл облусубузда техникалык өсүмдүктөр кызылча, жүгөрү башка жылдарга караганда 2 эсе көп себилди. Былтыр кант кызылчасын өстүргөн дыйкандарыбыз кирешелүү түшүмгө ээ болгондугу мунун себеби болду окшойт. Кылкандуу дан эгиндерине караганда бул өсүмдүктөрдүн түшүмү пайдалуу болоорун элибиз дагы түшүнүп калышты окшойт.  Соя өсүмдүгүн, көп жылдык чөптөрдү өстүрүүнү максат кылгандар бир маалда сугатты башташты. Суу жетиштүү болгону менен каналдарга батпай, ашып-ташып бизди бир топ убаракерчиликтерге салды. Облусубуздун дыйкандары окшош өсүмдүктөрдү сээ алганда дал ушундай убаракерчиликтер орун алаарын алар биз сыяктуу баамдай беришпейт эмеспи. Жай мезгили жаңыдан башталып, күндүн ысыгы 40 градуска жеткенде эл сууга муктаж болуп, ызы-чуу болуп кетишти. Ошондо аларды кезекке тургузуп, ирээти менен суу бөлүштүрүп жатып кризистик абалдан чыктык.

Жалпы Чүй облусу боюнча учурда 167 куб суу берилип жатат. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 67 куб сууну ашык берүүдөбүз. Бул жагдай дыйкандарыбыздын айыл чарбасына өзгөчө басым жасап, жер менен иштөөнү күчөткөндүгүнө байланыштуу болуп жатат. Быйыл аба-ырайы жаан-чачындуу келип, биринчи чөп чабыкта сугат сууга эч бир дыйкандын муктаждыгы болгон жок. Экинчи чөп чабык мезгилинде гана сугат сууларга суроо-талаптар болду.

Мен ушул бүгүнкү мага берилген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, дыйкандарыбыздан жерге өсүмдүктөрдү себээрде бир жыл мурун ойлонуп, пландаштыруу керек экендигин эскертип кетким келет. Моно өсүмдүктөрдү айдоо жерлерине суу алып келе турган каналдардын жагдай шарттарын эсептеп, айланасындагы дыйкан кошуналары менен кеңешип алып, кезек менен кирешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүүнү макулдашып, анан айыл чарба өсүмдүктөрүн себишсе жакшы болот эле. Антпесе бир мезгилде алар сугат сууну талап кылышып, каналдарга суу батпай, жасалма тоскоолдуктар пайда болуп, көптөгөн кыйынчылыктарга кез келүүдөбүз. Бул кыйынчылыктарга кез келбөө үчүн ар бир райондордогу айыл чарба бөлүмдөрүнүн башчылары кылдатык менен иштеп, тиешелүүграфиктерди түзүүлөрү кажет.

Учурда Союз мезгилинен калган гидрокурулмалар, каналдар сугат сууну талааларга жеткирип, иштеп жатат. Алардын эскилиги жеткендигине байланыштуу талаптагыдай иштей албайт. Акыркы жылдары ремонт иштерине каражаттар бөлүнүп, аздыр-көптүр ремонттоп алуудабыз. Бирок каражат мындан дагы көп бөлүнсө талапка ылайык келет эле. Анткени эскилиги жеткен каналдар, суу сактагычтар толук кандуу иштей албай жатат. Биз канчалык аларды майлап-сүттөп, ишке салып жатсак дагы эскинин иши эски эмеспи. Каражат жагы мындан ары дагы ушундай абалда берилип турса, жылдан-жылга абалыбыз жакшырып, 5-10 жылда жаңыланып калаарбыз деген үмүтүбүз бар.

Чүй облустук бассейн жана суу чарба башкармалыгындагы орчундуу маселелердин бири-кышында жана жазында аккан суулардын баардыгынын текке кетип жаткандыгы. Чоң-Кемин, Кегети, Шамшы, Ысык-Ата дарыяларынын суулары үчүн суу сактагычтар курулуп калса жакшы болот эле. Ошондо кышкы жана жазгы сууларды топтоп койсок даркан талааларыбызды сугаруу үчүн дыйкандарыбызга чоң жардамдар болмок. 

-Материалдык-техникалык базаңыздар кандай?

-Мындан 4 жыл мурун техникаларыбызды жаңылап алдык. Заманбап техникаларыбыз ишеничтүү, алтын колдордун башкаруусунда иштеп жатышат. Өзүбүздүн  милдеттерибизди өз убагында бүтүрүп, айыл аймактарында дагы иш алып барууга жетишип жатабыз. Жалпы облус боюнча алганда биздин жамаатыбызда 1100 адам эмгектенет. Арабызда суу чарба башкармалыгынын ийгилигин арттырган ардагер адамдар иштешет. Андан тышкары, жогорку билимдүү жаштарыбыз дагы бизге келип ишке орношуп, маянанын аздыгынан улам акчасы көп жактарга кетип калышууда. Кесибин сүйгөн жаштарыбыз гана айлыктын аздыгына карабай тажырыйба топтоп, жүгүрүп иштеп жатышат. Андай жаштарыбызды колубуздан келишинче колдоп коюуга аракеттенип жатабыз. Ошол жасаган далалаттарыбыз дагы жаштарыбыз үчүн аздык кылууда. Эмнеси болсо дагы биздин тармакта үзүрлүү эмгектенип жатышкан фанат кесиптештериме күч –кубат берсин, жаратканыбыз!

Раиса Дүйшөнбекова “Кыргыз Туусу”

Беттерди даярдаган:

Раиса Дүйшөнбекова “Кыргыз Туусу”

 

Read 1763 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…