2017-жылдын 28 июлундагы Суу чарба жана мелиорация Департаментинин 2017-жылдын I жарымжылдык каржы жана чарбалык ишмердигинин жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү.
Пятница, 04 Август 2017 05:52

2017-жылдын 28 июлундагы Суу чарба жана мелиорация Департаментинин 2017-жылдын I жарымжылдык каржы жана чарбалык ишмердигинин жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү.

Коллегиянын отурумуна төмөнкүлөр катышышты:

Керималиев Ж.К. - КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;

Таштаналиев К.Ж. - Суучарбажана мелиорация департаментининБашкы директору;

Суучарбажана мелиорация департаментинин коллегия мүчөлөрү (Жусуматов Э.Ж.,Койлубаев А.К.,Байболотов К.Ж., Дуйшеев М.К., Гутник В.Г., Джолдошалиев И.А.);

Суучарбажана мелиорация департаментинекараштуумекемелердинжетекчилери (МГЭ, «Улуттуксууресурстарынбашкаруу, Ф-1» долбоорунишкеашыруубөлүмү, Суучарбаобьектилеринкуруубоюнчадирекциясы, Маркетинг башкармалыгы, «Кыргызсуудолбоор» Ачыкакционердиккоому, Чу-Талас cуу чарба комиссиясынын секретариаты), жети областтык БСЧБнынбашчыларыжанабашкыэсепчилери, Суусактагычбашкармалыктарынынбашчылары.

Коллегиянын отурумун Коллегиянын төрагасы Суу чарба жана мелиорация  департаментинин башкы директору К. Таштаналиев ачты.Суу чарба жана мелиорация Департаментинин I-жарым жылдагы 2017 жылдын каржы-чарбалык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы жана II-жарым жылында аткарылуучу милдеттери жөнүндө  баяндама менен  Койлубаев А.К. чыгып сөз сүйлөдү.

Андан соң, ар бир суу чарба жана мелиорация Департаментинин бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчылары I-жарым жылдын жыйынтыктары жана  күн тартибинде коюлган маселелер жөнүндө айтып өтүштү. 

Коллегиянын отурумунда аймактагы сугат сууcу менен камсыз кылуу жакшы көрсөткүчтөр менен белгиленген, ошону менен катар сугат суусу менен камсыз кылуудагы атайын каражаттардын чогултуусунун кыйынчылык жаратып жаткандыгы кемчиликтери катары айтылган.

Ɵз сɵзʏндɵ К.Таштаналиев Өкмөт 2017-2026-жылдарына Кыргыз Республикасынын сугат өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын бекиткендиги тууралу айтып, программада өлкөдө 100 гɵ чукул сугат курулуш долбоорлору кароого алынгандыгы, бирок анын ичинен региондор үчүн экономикалык жана техникалык көрсөткүчтөрү коомдук мааниси бар, айыл тургундарынын кайрылууларынын негизинде 46 суу чарба курулуштары тандалгандыгы жөнүндө айткан.

Коллегиянын соңунда  I-жарым жылдагы жасалган иштер  жана негизги багыттар боюнча  жыйынтыктар чыгарылып, келе жаткан II-жарым жылдын вегетация мезгилине ирригациялык тармактарды өз убагында сапаттуу даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып, мындан дагы жакшы көрсөткүчтөр менен чыгуу үчүн көп аракеттерди жасоо зарыл экендигин Суу чарба жана мелиорация департаментинин  Башкы директор К. Таштаналиев белгиледи. 

Read 1577 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…