Урматтуу «Кыргызсуудолбоор»
Ачык Акционердик Коомунун кызматкерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Суу чарба кызматкерлеринин атынан 80 жылдык мааракенер менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
1937-жылдан баштап түзүлгөн долбоорло институту Республикабыздын суу чарбасынын бирден бир маанилүү экономикалык сектору. Өзгөчө Советтер Союз мезгилинде суу чарба тармагында абдан чон маани берилип көптөгөн жаны суу баскан аянттар өздөштүрүлүп, насостук станциялар курулган. «Кыргызсуудолбоор» институту иштеп чыккан долбоорлордун негизинде, Киров, Найман, Сокулук суу сактагычтары, Бүргөндү, Арка жана Куланак насостук станциялары, көптөгөн суу бөлүштүрүүчү башкы курулуштары курулган. 80 жыл ичинде «Кыргызсуудолбоор» институтуту Кыргыз Республикасынын суу чарбасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы чон.
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди «Кыргызсуудолбоор» институтунун 80 жылдык юбилейи менен дагы бир жолу куттуктап, эмгек жааматыныздарга иштеги ийгиликтерди, чын ден-соолукту жана элибизге тынчтыкты каалайм!
Урматтоо менен,
Суу чарба жана мелиорация
Департаментинин башкы директору Таштаналиев К.Ж.