План боюнча көлөмү- 4456,1 млн.м3 каралса, чыныгы берилген суунун көлөмү –4315,4 млн.м3 түзүп, план 97 пайызга аткарылган. Сугатка берилген суу менен бардыгы болуп -2781,1 миң гектар аянты сугарылган.
Айыл чарба өсүмдүктөр боюнча:
- дан эгиндери, биринчи сугаты менен – 140,8 миң га, экинчи сугаты менен – 74,2 миң гектар сугарылды
- көп жылдык чөп – эки жолу сугарылып, үчүнчү сугаты – 160,5 миң га сугарылууда
- дан жүгөрү –үч жолу сугарылып, төртүнчү сугаты – 27,7
- жашылчалар – үч жолу сугарылып, төртүнчү сугаты – 78,6
- мөмө жемиш бактары – үч жолу сугарылып, төртүнчү сугаты- 8,1
- кант кызылча - үч жолу сугарылып, төртүнчү сугаты – 15,5
- пахта - үч жолу сугарылып, төртүнчү сугаты – 10,1
- төө бурчак - үч жолу сугарылып, төртүнчү сугаты – 10,6
- күрүч - алты жолу сугарылды.
Учурда Республика боюнча вегетациялык сугаттары аяктап, себүү алдындагы сугаты жана күздүк ным топтоо сугаты башталууда.
Бардыгы болуп себүү алдындагы сугаты менен - 18,7 миң гектар сугарылды; Чүй облусунда – 12,5 миң га, Жалал-Абад облусунда -3,0 миң га Талас облусунда -1,3 миң га, Ыссык-Көль облусунда – 0,7 миң га.
Ошондой эле күздүк ным топтоо сугаты менен – 10,6 миң гектар сугарылды; Чүй облусунда – 5,6 миң га, Талас облусунда -4,0 миң га,
Ыссык-Көль облусунда – 1,0 миң га.