Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлиги семинар өткөрдү
Понедельник, 30 Октябрь 2017 03:20

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлиги семинар өткөрдү

2017-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлиги менен биргеликте "Кочмон малчыларды" өнүктүрүү фонду, мамлекеттик кызматкерлердин жана жарандык коомдун лидерлеринин маалымдуулугун жогорулатууга багытталган «Жер, Балык жана Токой ресурстарын пайдалануудагы Ыктыярдуу Башкаруу Принциптерин (ЫБП) колдонууну жайылтуу» деген темада семинар өткөрдү. Семинарга Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) колдоо көрсөттү. 
Семинарга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлигинин статс катчысы М. Ташболотов , Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты жана агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы М. Бакиров, Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Доржи Кинлай, "Кочмон малчыларды" өнүктүрүү фондунун директору А.Ракаев, Италия, Туркия, Бельгиядан келген тиешелүү өкүлдөр жана жергиликтүү дыйкан фермерлер катышты.
Семинардын негизки максаты Жер, Балык, Токой ресурстарын сактап калуу, жайыттарды туура пайдалануу, Жакырчылыктан арылуу жана мамлекеттик адистердин жана жарандык коомдун лидерлеринин потенциалын жогорулатуу. 
Семинардын жүрүшүндө «Кыргызстан кой чарба ассоциациясы (КАО)» жана “Көчмөн малчыларды”  колдоо коомдук фонду менен биргелешкен «Азык-түлүк коопсуздугу контекстиндеги Жер, Балык жана 
Токой ресурстарына ээлик кылуу жана пайдалануу маселелерин жоопкерчиликтүү жөнгө салуунун (ЫБП) колдонууну кеңейтүү» темасы боюнча Презентациялар окулуп талкуу болду.
Жыйындын жыйынтыгында семинардын ЖКнын депутаты М.Бакировко  суроолор берилип тиешелүү жооп алышты.

 

Read 1931 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…