Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги 90 жылдык юбилейин өткөрдү
Вторник, 21 Ноябрь 2017 09:30

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги 90 жылдык юбилейин өткөрдү

Бүгүн 17-ноябрда Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин  кесиптик күнүн белгилеп  жана Айыл чарба министрлигинин  90 жылдык юбилейин Республикалык деңгээлде өткөрдү.
         Салтанаттуу 90 жылдык маарекеге Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Д.Кенекеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Депутаты Р. Туманбаева, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.Мурашев, жана Министрликтин алдындагы департаменттер, Республиканын бардык райондорунун агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, , ардагерлер, Өкмөт мүчөлөрү, дыйкандар, фермерлер, катышты. 
          Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.Мурашев өз сөзүндө  “Урматтуу жер эненин берекесин ачкан фермерлер, дыйкандар, айыл чарба кызматкерлери! Сиздерди айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация кызматкерлеринин кесиптик майрамы, ошондой эле министрликтин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси менен министрликтин жалпы жамаатынын атынан жана өзүнүн атынан чын жүрөктөн куттуктап”, министрликтин жетишкендиктерине жана алдыдагы аткарылуучу иштерине токтолуп салтанаттуу ааземди ачтык деп жарялады.       
Салтанаттуу маарекенин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Д.Кенекеев айыл чарба кызматкерлерин майрамы жана 90-жылдык юбилейи менен куттуктап, кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырып, ийгиликтерди каалады. 
Маарекененин жыйынтыгында айыл чарба кызматкерлерине куттуктоо жана ыраазычылык сөздөр айтылып,  чакан концерт менен 90-жылдык юбилей жыйынтыкталды.

Кененирээк маалымат: agroprod.kg

Read 1997 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…