Татыктуу сыйлык ээсин тапты
Среда, 20 Декабрь 2017 04:40

Татыктуу сыйлык ээсин тапты

Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору Көкүмбек Жумагулович Таштаналиевге үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Республикабыздагы «Жетиген» журналы тарабынан уюштурулган «Жылдын мыктылары» деген иш-чаранын алкагында «Жылдын мыкты жетекчиси» наамы ыйгарылды. Бул наамга жыл жыйынтыгы боюнча аткарылган иштердин негизинде татыктуу болду.

Көкүмбек Жумагуловичтин жетекчилиги астында үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтү тарабынан кабыл алынган №440 токтомуна ылайык 2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы бекитилди. Бул мамлекеттик программа 46 суу чарба объектисин (долбоорлорун) курууга, 66,5 миӊ гектар жаӊы сугат жерлерин киргизүүгө, 51,08 миӊ гектар жерлерин суу менен камсыздоону жогорулатууга, 9,5 миӊ гектар жерди машина менен сугаруудан өзү агуучу сугатка которууга, 50 миӊ гектар жердин мелиоративдик абалын жакшыртууга багытталган.

Андан тышкары, 2017-жылдын апрель айында “Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивинин жерлерин өздөштүрүү” объектисин пайдаланууга берүү менен кошумча 3850 гектар жаңы сугат жерлери өздөштүрүлдү. 

Ошону менен бирге, 2017-жылдын декабрь айында “Баткен облусунун Кадамжай районундагы Каракыштак-Боз каналын куруу” объектисин пайдаланууга берүү менен 500 гектар жаӊы сугат жерлерин өздөштүрүү жана 700 гектар сугат жерлердин суу менен камсыздоосун жогорулатуу күтүлүүдө.

Бул иш-чаралардын баардыгы Көкүмбек Жумагуловичтин алгылыктуу иш алып барып жаткандыгынын белгиси деп билебиз.

Көкүмбек Жумагуловичтин өлкөнүн экономикасынын жана суу чарба тармагынын өнүгүүсүнө, мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга кошкон салымы жогору бааланып, “Жетиген” журналы тарабынан татыктуу сыйга ээ болду.

Урматтуу Көкүмбек Жумагулович!

Алган “Жылдын мыкты жетекчиси” наамыңыз куттуу болсун! Дайыма аркалаган ишиңиздин үзүрүн көрүп, өлкөбүздүн суу чарба тармагынын өнүгүүсүнө салымыңызды кошуп жүрө бериңиз. Сизге чын ден-соолук, узун өмүр жана ишиңизге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

Сыйлыгыңыз куттуу болсун!

Суу чарба жана мелиорация

департаментинин эмгек жамааты

Read 1450 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…