2018-жылдын 2 - апрелине карата 162,1 млн. сомдук калыбына келтирүү иштери аткарылып, коюлган 190,0 млн.сомдук план-тапшырманын 85 % түздү.
- 336,7 км каналдар оңдолуп, план боюнча 412,8 км, же 82 %;
- 315,1 км чарбалар аралык каналдар механизмдер менен шилендилерден (нанос) тазаланды, план боюнча 369,9 км же 85 %;
- 972 даана гидротехникалык курулмалар оңдолгон, план боюнча 1161 же 84%;
- 932 даана суу өлчөөчү постор оңдолгон, план боюнча 1101 же 85%;
- 84 даана насостук станциялар оңдолгон, план боюнча 102, же 82 %;
Суу чарба объектилердин 2018-жылдын вегетация мезгилине даярдоо, оңдоо иштерин бүткөрүү мөөнөттөрү план боюнча:
- Баткен, Ош жана Жалал-Абад Бассейндик суу чарба башкармалыктары 2018-жылдын 10-апрелге карата;
- Чүй жана Талас Бассейндик суу чарба башкармалыктары 2018-жылдын 20-апрелге карата;
- Ысык-Көл жана Нарын Бассейндик суу чарба башкармалыктары 2018-жылдын 1-майына карата;
- Орто-Токой, Киров жана Папан суу сактагычтары 2018 – жылдын сугат мезгилине даярдоо боюнча план – графигине ылайык сугат суу берүүгө даяр.