2021-жылдын вегетациялык мезгилине даярдануу максатында республиканын бардык облустарында жазгы ным топтоо сугаттары жүргүзүлүүдө.
2021-жылдын 26-апрелине карата жалпысынан жазгы ным топтоо сугатына суу берүү планда 439,8 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө көлөмү – 326,7 млн.м3 суу берилип план 74 % аткарылган. Берилген суу менен планда 286,6 миң га каралган болсо иш жүзүндө – 206,6 миң гектар аянты сугарылып, план 72 % аткарылган.