2018-жылдын 27-апрелине карата 185,2 млн. сомдук калыбына келтирүү иштери аткарылып, план боюнча 190,0 млн. сом, же 98 % түздү;
- 400,1 км каналдар оңдолуп, план боюнча 412,8 км, же 97 %;
- 353,5 км чарбалар аралык каналдар механизмдер менен шилендилерден (нанос) тазаланды, план боюнча 369,9 км же 96 %;
- 1135 даана гидротехникалык курулмалар оңдолгон, план боюнча 1161 же 98%;
- 1076 даана суу өлчөөчү постор оңдолгон, план боюнча 1101 же 98%;
- 96 даана насостук станциялар оңдолгон, план боюнча 102, же 94 %;
- 37 даана скважиналар оӊдолгон, план боюнча 39 даана, же 95 %
Мамлекеттик суу чарба объектилердин 2018-жылдын вегетация мезгилине даярдоо, оңдоо иштерин бүткөрүү план – графигине ылайык:
- Орто-Токой, Киров жана Папан суу сактагычтары, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй БСЧБлардын башкармалыктары 2018-жылдын сугат мезгилине сугат суу берүүгө даяр.
Ал эми, Ысык-Көл жана Нарын БСЧБлардын башкармалыктары боюнча 2018-жылдын 1-майына карата бүткөрүлөт.