Бүгүнкү күндɵ Чуй бассейндик суу чарба башкармалыгынын жетектɵɵсүнун астында 2018-жылдын вегетация мезгилине карата мамлекеттик ирригациялык тармактарды оңдоо, калыбына келтирүү, тазалоо иштери аяктоодо. Натыйжада Р-13 жана Новотроицкий каналдарын экскаватор менен тазалоо иштери, Жетиген каналында ремонттук иштер, Сарбос, Калмак-Суу каналдарында бетондук жана кол менен тазалоо иштери жүргүзүлдү, ошондой эле Сокулук суу сактагычынын айланасын жашылдандыруу иштери аткарылды.