Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунда «Кыргыз Республикасынын ирригация системасын реконструкциялоо» долбоорунун тушоосун кести.
×

Внимание

There was a problem rendering your image gallery. Please make sure that the folder you are using in the Simple Image Gallery Pro plugin tags exists and contains valid image files. The plugin could not locate the folder: images/Prezident

Понедельник, 07 Май 2018 10:25

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунда «Кыргыз Республикасынын ирригация системасын реконструкциялоо» долбоорунун тушоосун кести.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Кыргыз Республикасынын ирригация системасын реконструкциялоо» долбоорунун тушоосун кести.

“Кыргыз Республикасынын ирригация системасын реконструкциялоо”  долбоорун ишке ашыруу максатында 6 суу чарба объекттерин куруу үчүн Кытай Эл Республикасы тарабынан грант катары бөлүнгөн 32 млн АКШ доллары багытталат.

Долбоордун алкагында Ысык-Көл, Баткен, Талас жана Чүй облустарында суу чарба объекттерин куруу жана реконструкциялоо каралган.

Алар эксплуатацияга киргизилгенден кийин 5410 гектар  өздөштүрүлө элек жерге суу жеткирилип,  22100 гектар жерди суу менен камсыз кылуу жакшыртылат.

Долбоорду ишке ашыруу жалпысынан республика боюнча 40 миң айыл жашоочусун жумуш менен камсыздайт.

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Өлөң каналынын реконструкциялоо долбоору 2017-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын ирригация системасын өнүктүрүү программасынын суу чарба объекттеринин тизмесине кирген.

Мамлекет башчысы Тоң районундагы Ак-Өлөң каналын реконструкциялоо долбоорунун алкагындагы башкы суу алуучу курулма, 16,5 км магистралдык канал жана 11,2 км ички чарбалык каналдардын курулушу менен таанышты.

“Башкы суу алуучу курулманы жана Ак-Өлөң магистралдык каналды реконструкциялоо” долбоорунун курулушунун жыйынтыгында 516 гектар дың жер өздөштүрүлүп, 3565 гектар жерди суу менен камсыз кылуу жакшыртылат.

Жалпы наркы 500 млн сомго жакын долбоорду 2021-жылга чейин бүтүрүү болжолдонууда.

{gallery}Prezident{/gallery}

Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий Интернет сайтынан маалымат.

Read 1393 times Last modified on Среда, 05 Сентябрь 2018 08:39
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…