Ош областында вегетациялык мезгилге карата даярдоо иштери 10 май күнү толугу менен аяктайт. Бүгүнкү күндɵ Ош бассейндик суу чарба башкармасынын жетектɵɵсүнүн астындамамлекеттик бюджеттен бɵлүнүп берилген каражатка тɵмɵнкү иштер аткарылды: 65,2 км чакырымдагы каналдарда оңдоо иштери, 130 км чарба аралык каналдарда механизациялык тазалоо иштери, гидропосторду жана, насостук станцияларды оңдоо иштери. Аткарылган иштердин натыйжасында дыйкандар ɵз убагында сугат сууну пайдалана алышат.