Версия для печати
Аттокурова Салкын айым долбоордун алкагында жетишкен ийгилиги менен бөлүшөт

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын тургуну Аттокурова Салкын айым «Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун алкагында жетишкен ийгилиги менен окурмандар менен бөлүшүүнү чечти. Жогоруда аталган долбоордун «Кооронун жанында жемиш-бак өстүрүүнүн эсебинен үй-бүлөдө азыктануунун сапатын жогорулатуу» кичи-компонентинин алкагында өз ара жардамдашуу топтору (ӨЖТ) түзүлүп жаткандыгын кулагым чалып, тамак-аштын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралары мени аябай кызыктырды. Бул долбоор кантип тамак-аштын сапатын жакшыртат экен деген ой менен биздин айылда түзүлүп жаткан өз ара жардамдашуу тобуна кирдим. Топко киргенде долбоор тарабынан 6 түр жашылчанын үрөндөрү таратылып берилип, аларды эгип-өстүрүү боюнча «Жалал-Абад Айылдык Консультациялык Кызматы» (ЖАКК) окутууларды өткөрө тургандыгы тууралуу маалымат алдык. Биринчи окууда ЖАКК тарабынан Мырзамидин Мамадиев аттуу тренер – консультант келип, долбоор тууралуу кенен маалымат берип, топтун мүчөлөрү алган жашылчаларды эч кандай химикатсыз өстүрүп, күнүмдүк тамак-ашка кошуп пайдаланасыздар деп түшүндүрмө берди.

«Жалал-Абад Айылдык Консультациялык Кызматы» жөнүндө айтылганда арабызда бул ишкана менен кызматташып келген фермерлер да болду. Булар «Менин кирешелүү чарбам», «Айыл үнү», «Агрогоризонт жүгөрү» долбоорлору менен тыгыз кызматташып, иш алып баргандыгын айтышты. Ал эми парник даярдоо, топурактын асылдуулугун жогорулатуу боюнча тренингде «Компост жана биогумус» жөнүндө айтылып, компосту даярдоо ыкмасы жөнүндө кенен түшүндүрмө берилип, мындагы камтылган микро, макро элементтер жөнүндө кенен маалымат алдып, компост жасап чарбактарда колдонууну туура көрүп, берилген кеӊештерге таянып, компост жасаганга кириштим.

Ошол эле учурда, ар бир окуу тренингдин өзүнүн талаптары болоорун, жашылчаларды өстүрүүдө ар бир жашылчанын агротехникасы менен таанышып, экономикалык анализ жасоону баштадым. Бул окууларга чейин мисал катары айтсам, жашылчаларды өзүбүз каалагандай эле өстүрүп келсек, окутуулардан кийин жөнөкөй эле суугаруунун да өзүнүн талабы бар экенин билдим. Тагыраак айтканда, туура эмес сугаруу жашылчалардын ар кандай ооруларга алып келе тургандыгын жана түшүмдүүлүк 20-25%га төмөндөй тургандыгын билдим. Ал эми бадыран өстүрүүдө туура эмес сугаруу бадырандын даамынын ачуу болушун шарттай тургандыгын да билдим. Долбоордун алкагында алган билимдеримдин негизинде, быйылкы жылы 180 түп «Асия» гибридиндеги помидорду эгип, 850 кг помидор алдым. Бул окууларга чейин химикат колдонуп, билип-билбей ар кандай дарыларды колдонуп келсем, бул окуулардан кийин бордос суйуктугун, кыргыз гуматын жана чириндини колдонуп, помидордун жана башка жашылчалардын түшүмү мол болооруна ынандым. Быйылкы жасаган компосту электен өткөрүп, каптарга салып, эрте жазда парникке колдонуу үчүн даярдап койдум. Азыркы учурда дагы компосту жасоо үчүн керектелүүчү материалдарды даярдоодомун. Менде окуу- тренингдерден алган билимдин жана практикалык тажрыйбалардын негизинде быйылкы өстүрүлгөн жашылчалардан мол түшүм алууга мүмкүнчүлүк жаралды. Жашылчалардын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, сапатын жакшыртууга өбөлгө түзүп, айыл жергесиндеги калктын, өзгөчө калктын аярлуу катмарына өзүнүн олуттуу салымын кошуп жаткан Дүйнөлүк банктын «Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун жетекчилигине жана адистерине айылдын атынан тереӊ ыраазычылык билдиргим келет. Долбоордун иши ийгиликтүү болсун!

 

Прочитано 4253 раз Последнее изменение Вторник, 16 Апрель 2019 05:02
Авторизуйтесь, чтобы получить возможность оставлять комментарии
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…