2019-жылдын 29-апрелинде Ош шаарында “Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын ишин жана ички чарбалык ирригациялык сугат тармактарын тейлеп, башкарууну жакшыртуу боюнча” көчмө жыйыны өткөрүлдү.
Среда, 08 Май 2019 08:10

2019-жылдын 29-апрелинде Ош шаарында “Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын ишин жана ички чарбалык ирригациялык сугат тармактарын тейлеп, башкарууну жакшыртуу боюнча” көчмө жыйыны өткөрүлдү.

 

2019-жылдын 29-апрелинде Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин “Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын ишин жана ички чарбалык ирригациялык сугат тармактарын тейлеп, башкарууну жакшыртуу боюнча” көчмө жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынга Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн Агро, өнөр-жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Жээналиев, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору К.Ж.Таштаналиев, облустук, райондук мамлекеттик админитстрацияларынын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, СПАлардын  жана Суу чарба жана мелиорация департаментинин адистери катышышты.

Күндүн биринчи жарымында комитеттин төрагасы Айтмат Кошоевич Назаров баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары жеринде барып, чарбалар аралык Отуз-Адыр каналынын сугат мезгилине даярдыгын жана Отуз-Адыр айыл аймагындагы “Мазайкал” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жүргүзүп жаткан иштери, андагы чечилбей жаткан көйгөйлүү маселелери менен таанышып чыгышты.

Күндүн экинчи жарымында жыйын өткөрүлдү.

Жыйында бир маселе каралды: Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын ишин жана ички чарбалык ирригациялык сугат тармактарын тейлеп, башкарууну жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана укуктук-ченемдик актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча сунуштар жөнүндө.

Бул маселе боюнча  биринчи: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиевдин жалпы суу чарба тармактарындагы бүгүнкү күндөгү абалы боюнча маалыматы угулду.

Экинчи: Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын ишин мындан ары жакшыртуу багытында жергиликтүү бийликтердин биргеликте колдоого алуусу менен  иш алып барууга тиешелүү мыйзам актыларына өзгөртүү толуктоолорду киргизүү боюнча 2019-жылдын 14-февралындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин №14 буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун атынан ХЕЛЬВЕТАС уюмунун адиси тарабынан даярдалган презентациясы угулду. 

Презентацияда учурдагы Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жүргүзүп жаткан жумуштарындагы кемчиликтерине жана мындан ары  ички чарбалык ирригациялык сугат тармактарын тейлеп, башкарууну жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана укуктук-ченемдик актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча 5 блокко бөлүп жумуш жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

 Алар төмөнкүлөр:

1 блок. “СПАлардын ички чарбалык ирригациялык тармактарын жана сугат суусун башкаруу боюнча жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары катышуу үчүн мыйзамдардагы нормалардын жоктугу”;

2 блок. “Сугат суусун жеткирүү системасындагы бааны түзүү көйгөйү”;

3 блок. “Жергиликтүү бюджеттен сугат суусун жеткирүүдө  субсидиялоо системасын киргизүү”;

4 блок. “Суу пайдалануучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу” (ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдүн чогулуусу);

5 блок. “Ички чарбалык ирригация объектерине муниципалдык менчик укугун киргизүү”;  

Ошондой эле Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын ишин жана ички чарбалык ирригациялык сугат тармактарын тейлеп, башкарууну жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексине”, “Суу Кодексине” жана “Бузуулар жөнүндө Кодексине”, ошондой эле “Суу пайдалануучулардын бирикмелери жана алардын бирликтери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”  мыйзамдарына жана башка укуктук-ченемдик актыларына өзгөртүүлөр  жана толуктоолор киргизиле тургандыгы тууралуу маалымат берилди.

Жыйындын аягында депутаттар тарабынан чечим кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин буйругу менен жумушчу топ түзүлөөрү белгиленди.

 

Read 1732 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…