Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин жагымсыз аба ырайынын шарты менен байланышкан сугат суулары менен камсыздоодогу суу бөлуштүрүүнү мобилизациялоо максатында жарык көргөн 2019-жылдын 26-июнундагы №218- буйругун жүзөгө ашыруу үчүн Суу чарба жана мелиорация департаментинде ( 2019-жылдын 4-июлундагы № 78- буйругу) жана түзүмдүк бөлүктөрүндө, БСЧБ, РСЧБларда штабдар түзүлгөн.
Колдо болгон суу ресурстарын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу үчүн тийиштүү чаралар кабыл алынууда.
Сугат сууларынын жетишсиздиги менен байланышкан маселелерди өз учурунда жана ыкчам чечүү үчүн кезектештирип суу берүү (водооборот) жана түнкү сугаттар уюштурулуп жатат.
Суу пайдалануучулар менен сугат сууларын натыйжалуу пайдалануу зарылчылыгы жана руксатсыз сууларды алууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Аба-ырайын эске алуу менен суу берүү графиктерине өзгөртүүлөр (корректировка) киргизилип жатат.
Сугат сууларын пайдаланууну көзөмөлдөө үчүн СЧЖМДнын, БСЧБнын жана РСЧБнын кызматкерлеринен турган топтор уюштурулуп, жер-жерлерде бул максатта аракеттер көрүлүүдө.