2019-жылдын 16-17 июлунда сатып алуулар боюнча «Ак-Жол-Суу» СПАсынын жетекчилиги жана жумушчу топ үчүн 2 күндүк окуу өткөрдү. Катышуучулардын саны 10 адамды, алардын ичинен аялдар - 2 адамды түздү.
Жалпы обзор: СПАнын жетекчилиги долбоордун бардык иш-чараларына активдүү катышат. АЧѲПтүн (ПСХР) биротоло варианты СПАнын деректири жана жумушчу топ тарабынан «Ак-Жол-Суу» СПАсынын зоналдык өкүлдөрүнүн отурумунда көрсөтүлгөн жана бекитилген.Протокол бар. Кичи-долбоор иштеп чыгуу стадиясында. Сатып алуунун алдын-ала планы жана башка тендердик документтер иштелип чыккан. Жумушчу топ өзүнүн милдеттерин жоопкерчиликтүү жана өз убагында аткарууда.
1-чи күн: Катышуучулар тренингдин максаттары жана милдеттери менен таанышышты. Андан ары СПАнын сатып алууларды өткөрүү жана тендердик комиссияны түзүүдөгү ролу боюнча маалыматтар берилди. Андан кийин, товарларды жана жумуштарды сатып алуу тартиби жана аларды жазып баяндоону кошуп алганда, СПАнын деӊгээлинде сатып алуу боюнча алгылыктуу усулдар каралды. Катышуучулар баалоонун, тандоонун жана акы төлөнүн схемасын окуп үйрөнүштү. Тендер өткөрүү боюнча (адилеттик жана конфиденциялдык билдирү сатып алуу планы жана сатып алуулар жөнүндө кулактандыруу) документацияларды түзүүнү даярдоо боюнча практикалык сабактардан өтүштү.
2-чи күн: Тренингдин экинчи күнү өткөн күндөгү сабакты карап чыгуудан башталды. Катышуучулар андан ары техникалык спецификацияларды түзүү, котировкаларды берүүгө чакыруу боюнча практикадан өтүштү. Катышуучуларга андан ары техникалык тапшырмаларды кантип түзүү керектиги түшүндүрүлдү, андан кийин практикалык жумуштар өткөрүлдү. Ошону менен бирге, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунунун ыкмалары жана тартиптери жөнүндөгү маалыматтар берилди.
Тыянак: Тренингдин милдеттери аткарылды. Катышуучулар берилген материалды өздөштүрүштү жана өткөрүлгөн тренингке ыраазы болушту, талкууларга активдүү катышышыты жана практикалык тапшырмалар менен жоопкерчиликтүү иштешти.