Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын жана суу чарба комплекстерин башкарууну мыктылоо, бирдиктү суу саясатын киргизүү, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин жоболорун жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн Премьер-минстри Абылгазиев Мухаммедкалыйдын 2019-жылдын 30-июлундагы №383 Токтому менен Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн алдындагы Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги түзүлдү.
Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги (Агенттик) суу ресурстарын башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуучу жана координациялоочу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
Агенттиктин негизги максаттары болуп суу ресурстарын интеграциялык башкаруунун механизмдерин жайылтуу; суу ресурстарын жана суу чарба объектилеринин инфраструктурасын туруктуу жана рационалдуу башкарууну камсыз кылуу; суу менен камсыз кылуу жана суу өткөрүү; жана суу ресурстарын башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттер аралык натыйжалуу кызматташтыкты камсыз кылуу жана суу боюнча башка дагы мамилелерди жөнгө салуу саналат.
Агенттиктин милдеттери болуп суу ресурстары чөйрөсүндөгү мамилелерди жана суу ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуу; ирригациялык инфраструктуранын объектилерин өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу өткөрүүнү жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын суу ресурстарынын чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат.
Агенттиктин милдеттери болуп суу ресурстары чөйрөсүндөгү мамилелерди жана суу ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуу; ирригациялык инфраструктуранын объектилерин өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу өткөрүүнү жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын суу ресурстарынын чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат.
Агенттик төмөнкү милдеттерди аткарат:
- мамлекеттик суу саясатын жүзөгө ашыруу;
- суу ресурстарын интеграциялуу башкарууну координациялоо жана жөнгө салуу;
- суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү.
Суу ресурстары Мамлекеттик агенттигине Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Суу чарба жана мелиорация Департаментинин бардык иш-милдеттерин, бюджеттик каржылоосун, мүлктөрүн, документацияларын жана штатын өткөрүп берди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба Мамлекеттик агенттиги тарабынан Суу ресурстары Мамлекеттик агенттигине Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу өткөрүү Департаментинин тиешелүү иш-милдеттери, мүлктөрү жана персоналдары өткөрүлүп берилди.
Агенттикти түзүү кызматкерлердин жана мамлекеттик кызматкерлердин жалпы санынын өсүшүнө алып келбейт.
Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп Таштаналиев Көкүмбек дайындалды.