2019-жылдын 4-июль күнү «Улуттук суу ресурстарын башкаруу Фаза-1» долбоорунун адистери Жаанбаев К.А жана А.Юлдашев тарабынан Нарын областынын Жумгал районундагы Байзак айыл Өкмөтүнүн «Токтомуш» СПАсында «Айыл чарба өндүрүмдүүлугүн жана тамак ашты жакшыртуу» долбоорунун алкагында жургузулуп жаткан иштер боюнча областык, райондук СПАларды колдоо бөлүмунүн адистерине, СПАнын адистерине жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдын адистеринин катышуусунда «СПАда бюджеттин планын тузүү», «Калыбына келтирилген ички чарбалык тутумдарды эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө», “Кредиттерди кайтарууну жакшыртуу» темаларын камтыган семинар өткөрүлдү.
Семинарды “Улуттук суу ресурстарын башкаруу Фаза-1” долбоорунун координатору К.А.Жаанбаев ачты. Семинардын жүрушүндө “Токтомуш” СПАсынын Кеңешинин торагасы Т.Кучмуратов СПА боюнча кыскача маалымат берип, азыркы учурда СПАда ички чарбалык каналдарды калыбына келтирүү иштери жакшы деңгээлде жүрүп жаткандыгын белгилеп өттү.
Байзак Айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Качкынбаев Байзак айылында сугат суусу орчундуу болуп келгенин, буга чейин башынан сууну буруу кыйынчылыктар менен болуп келсе, азыркы убакта жаңы буткөн башкы суу алуучу курулманын жардамы менен керектүү өлчомдө суу менен камсыз боло баштагандыгын билдирди.
“Улуттук суу ресурстарын башкаруу Фаза-1” долбоорунун адиси А.Юлдашев ички чарбалык каналдарды өз убагында эксплутациялоодон жана техникалык тейлөөдөн өткөрүп туруу, СПАнын негизги милдеттеринин бири экендиги жөнүндө тушүндүрмө берип өттү.
Эске сала кетсек, «Токтомуш” СПАсы 2003-жылдын 2-майында юридикалык катоодон өткөн. Тейлөө аянты 2236 га, 2 юридикалык жак жана 934 жеке чарбаны сугат суу менен камсыз кылат. “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу” долбоорунун алкагында, азыркы учурда “Токтомуш” СПАсындагы ички чарбалык сугат тармактарын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
- Click to open image! Click to open image!
- Click to open image! Click to open image!
- Click to open image! Click to open image!
https://www.water.gov.kg/index.php?option=com_k2&view=item&id=729:naryn-oblusunun-zhumgal-rajonundagy-toktomush-spasy-boyuncha-seminarlar-tk-r-ld&Itemid=1356&lang=ky#sigProId7548badd41