Ош, Джалалабад жана Баткен облустарында СПАлар боюнча бир нече тренингдер өткөрүдү
Понедельник, 30 Сентябрь 2019 10:53

Ош, Джалалабад жана Баткен облустарында СПАлар боюнча бир нече тренингдер өткөрүдү

2019-жылдын башынан тартып «Айыл чарбасынын өндүрүмдүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун «Айыл чарбалык консультациялык кызмат көрсөтүү» 2-компонентинин иш-чараларын жүзөгө ашырууда Ош, Джалалабад жана Баткен облустарында «Таймөнкү», «Оби-Хаёт», «Кырк-Булак», «Кур-Таш», «Гауян», «Ак-Жол-Суу» жана «Сулайман-Суу»,СПАларда бир нече тренингдер өткөрүлүп, аларда 725 СПА мүчөлөрү, анын ичинде 107 аялдар катышты. 

Тренингдердин максаты болуп, процедураларга ылайык, өз алдынча тендерлерди өткөрүүнү даярдоодо жана өткөрүүдө СПАнын Сатып алуулар боюнча Колдонмодо берилген кичи гранттарды жүзөгө ашыруу, ошондой эле, СПАнын фермер-мүчөлөрүнүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн агротехнологиялык чөйрөсүндө өндүрүү билимдерин жогорулатуу үчүн СПАнын администрациясынын потенциалын жогорулатуу эсептелет.

Бул тренингдердин милдеттери болуп, сатып алуулардын ыкмаларын окуп үйрөнүү, тендерге керектүү документтерди, техникалык спецификацияларды, техникалык тапшырмаларды даярдоо, товарларды жана жумуштарды сатып алуулар боюнча көндүмдөрдү алуу, ошондой эле, зыянкечтер менен күрөшүүнүн, жүгөрүнү жана пахтаны туура өстүрүүнүн жаӊы методдорун окуп үйрөнүү эсептелет.

СПАнын жетекчи курамы, СПАнын Кеӊешинин өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн, микро-долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топторду кошуп алганда, СПАнын айыл чарбалык Пландарын иштеп чыгуу боюнча консультациялар, ошондой эле, сатып алуулар боюнча тренингдер, техникалык тапщырмаларды даярдоо, үрөндөрдүн жана жер семирткичтердин Жаӊыртылып туруучу фонду менен контрактарды түзүү жана башкаруу боюнча тренингдер өткөрүлдү.

СПАнын фермер-мүчөлөрү үчүн агротехнологиялар боюнча бир нече трепнингдер өткөрүлдү. СПАнын фермер-мүчөлөрүнүн пикирлери боюнча жүгөрүнү жана козону (пахтаны) өстүрүүнүн агротехнологиясы боюнча көчүп жүрүүчү теориялык жана практикалык консультациялар өзгөчө пайдалуу окуу болду.

 

Фермерлер алардын талааларына баруу менен практикалык консультацияларды өткөрүүнү жогору баалашты, б.а.. практикада, кээ бир фермерлер дайыма эле агротехникалык ыкмаларды туура жүргүзүшпөйт, мисалы, жүгөрүнү жогорулатылган ченемдерде сугарышат, сугарууда узун бороздорду пайдаланышат, зыяндуу чымын-чиркейлерге байкоо жүргүзүшпөйт, сапатсыз жер айдоолорду жүргүзүшөт, анын жыйынтыгында жүгөрүнүн бирдей эмес өнүгүшү жана өсүшү байкалат.

Жыйынтыгында, фермерлерге туура агротехникалык ыкмалар, сугаруунун методдору боюнча тиешелүү рекомендациялар, жүгөрүнүн зыянкечтери менен күрөшүүнүн ыкмалары көрсөтүлдү. 

Практикалык тренинг жүгөрү өстүрүчү фермердин талаасында өткөрүлдү.

Жүгөрүнүн сүт камыр бышкан фазасындагы абалына байкоо жүргүзүлдү.

Жүгөрүнүн абалы ортодон жогору. Түшүмдүүгүн ортодон жогору күтүшүүдө, сугарууга абдан муктаж. 2-чи муундагы жүгөрү мотылегунун жарым-жартылай зыян келтирүүчүлүгүн байкашты. Жүгөрүнүн түшүмдүүлүгүнө терс таасир тийгизүүчү,  жүгөрүнүн жарым-жартылай чирүү жүрүмү байкалган.

Жүгөрүнүн чириши, жүгөрүнү вегетациялык мезгил башталгандан тартып, жүгөрүнү өстүрүү боюнча агротехникалык иш-чараларды туура эмес жүргүзүнүн жыйынтыгында болгонун белгилей кетүү абзел.

Жүгөрү талааларынын мониторингинен кийин, фермерлерге трихограмманы жана габробраконду жүгөрү мотылегуна каршы колдонуу боюнча практикалык колдонуу көрсөтүлгөн жана төмөнкү сунуштар жана рекомендациялар берилген:

  • Биогуматтар менен жалбырактык подкормканы гектарына 3-4 литр ченемдеги жумушчу суюктукту 100-150 литр сууга кошуп өткөрүү.
  • Үзгүлтүксүз сугарууну жүргүзүү
  • Габрабракондорду бир гектарга 300 даана ченеминде колдонуу
  • Рекомендацияларды жана сунуштарды эске алуу менен, кийинки жылга карата жүгөрү өстүрүүнүн ыӊгайлуу агротехнологиялык пландарын түзүү жана сапаттуу үрөндөрдү тандап алуу.

Козону өстүрүүнүн агротехнологиясы боюнча консультациялар жекече ар бир фермердин талааларына баруу менен, рекомендацияларды өсүмдүктөрдүн жана талаалардын абалына жараша берүү максатында  жүргүзүлгөн. Консультациянын бул ыкмасы козону өстүрүнүн натыйжалуулугун жакшыртуу үчүн тандалып алынган.

Ушул практикалык окутуу методунун маӊызы фермерлерге консультацияларды жана рекомендацияларды алардын талааларынын жана өсүмдүктөрүнүн абалын окуп үйрөнүүнүн негизинде, алардын көйгөйлөрүн жана суроолорун талкуулоо.

Жай мезгилинде (июль) козонун зыянкечтеринен болгон зыяндын тобокелдиги абдан жогору, ушуга байланыштуу, талааларды карап чыгуу өсүмдүктөрдү профилактикалоо, козонун оорусуна жана зыянкечтерине каршы күрөшүү максатында өткөрүлгөн. Фермерлерге консультациялар индивидулдуу, жана ошондой эле, анча чоӊ эмес топтордо 3-4 фермердин катышуусунда өткөрүлдү.

Read 882 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…