Жалал-Абад, Талас, Ош жана Баткен облустарында, ирригация системасын өнүктүрүү багытындагы коомдук талкуулар болуп өттү.
Среда, 30 Октябрь 2019 09:54

Жалал-Абад, Талас, Ош жана Баткен облустарында, ирригация системасын өнүктүрүү багытындагы коомдук талкуулар болуп өттү.

2019-жылдын  10-октябрында Жалал-Абад, 18-октябрда Талас, 23-октябрда Ош, 24-октябрда Баткен облустарында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу Демилгелүү топтун курамында жергиликтүү экономиканын негизги бөлүгүнүн бири болгон ирригация системасын өнүктүрүү багытындагы коомдук талкуулар болуп өттү. 

Иш-чарага жергиликтүү  мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук суу чарба башкармалыктарынын жана суу пайдалануучулар ассоциацияларынын өкүлдөрү катышышты.  

Коомдук талкуулоонун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен суу пайдалануучулар ассоциацияларынын (СПА) өз ара аракеттенүүлөрү, сугат суу менен камсыздоо үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды.

Read 924 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…