Биз сыймыктанган ыктыярчы апа
Понедельник, 11 Ноябрь 2019 05:23

Биз сыймыктанган ыктыярчы апа

«Айыл чарбасынын ѳндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун ишке ашырылып жатканына аз гана убакыт болсо да, долбоордун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат ѳлкѳбүздүн булуң-бурчуна чейин тарап, эл оозуна алынып келүүдѳ.

Бул жакшы жетишкендик деп эсептейбиз, анткени мындай деңгээлге жетүү үчүн долбоордун кызматкерлери талыкпай эмгектенип келишүүдѳ. Алардын катарында долбоордун «Азыктануунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар» компонентинин алкагында калк арасында маалымат таратып, элге кызмат кылам деп ыктыярчылыгын билгизген апабыз да бар.

Мына ушул учкай кеп алыскы Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл аймагына караштуу Кара-Арча айылынын тургуну, 80 жаштагы долбоордун ыктыярчысы Жекшеналиева Зейнеп апа тууралуу болмокчу.

«Биринчи ирет, биздин айылдын тургуну, элдин урматына ээ болгон Зейнеп апанын «Мен дагы долбоордун ыктыярчысы болгум келет» деген каалоосуна аябай аң таң болгом, анткени улгайган куракта мындай апалар үйүндѳ, жылуу чай ичип, неберелеринин жанында отурушу керек деген менде стереотип болгон дейт» Айылдык ден-соолук комитетинин жетекчиси Акыл Төлөева. Мына ошол стереотипти түп-тамырынан бери жокко чыгарып, таптакыр жаңыча кѳз караш менен айланама кароого Зейнеп апа себепчи болду десем жаңылышпайм.

Анткени, биздин Зейнеп апабыз, элге жардам берем, кызмат кылам, коомчулукка пайдамды тийгизем деген үмүтүн ишке ашырууга белсинген, мыкты апа.
«Мен үйдѳ жатып, бекерпоз адам болгум келбейт. Анын ордуна элге жардамым тийип, пайдалуу нерсе жасагым келет дейт», Зейнеп апа.

«Биз, мыкты апабыздын илгери үмүтүн ишке ашырып, долбоорго ыктыярчы кылып ишке алдык. Апабыз, алгачкы күндѳн тартып эле эң жакшы кѳрсѳткүчтѳрдү кѳрсѳтүүдѳ» дейт Акыл.

Учурда, Зейнеп апа, туура тамактануу, аз кандуулукту алдын алуу, колдуу жуу жана таза кармоо дагы башка темалар боюнча негизги сунуштарды айыл тургундарына жеткирүүдө.

Айылдык ден-соолук комитетинин жетекчиси Төлөева Акыл ыктыярчыларга, алардын ичинен Зейнеп апага дагы жардам көрсөтөөрүн белгиледи.

Зейнеп апа ѳзүнүн сѳзүндѳ “Мындай керектүү, ден соолукка пайдалуу маалыматты калк арасында таратуу пайдалуу иш” деп белгиледи.

Урматтуу, биздин Зейнеп апа, сизге долбоордун жетекчилиги жана кызматкерлери кылып жаткан кызматыңыз үчүн терең ыраазычылык билдирет жана таазим этет.

Кыргызстандын келечеги болгон жаштарыбыз сизден үлгү алат деген ишеничтебиз.

Read 895 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…