Чүй облусунун Кемин районундагы Алмалуу айыл өкмөтүндөгү “Үмөтаалы” суу пайдалануучулар ассоциациясында, Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен реабилитациялык иштер жүрүп жатат. Реабилитациялык иштердин алкагында төмөндөгү жумуштар аткарылат:
- 6,1 км суу бөлүштүрүүчү каналдар монолит бетон менен капталат;
- 5,2 км ички чарбалык каналдар жаңы лотокко алмаштырылат;
- 7 даана суу бөлүштүрүлүүчү курулма курулат;
- 172 даана суу кое бергич;
- 11 даана көпүрө реабилитациядан өтөт.