Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана
инвестициялоо агентствосу (АРИС)
« Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоору
Чуй облусунун Жайыл районунун Алексеевка айыл өкмөтү,
Алексеевка айылы.
Айылдагы калктын саны – 7037 киши
Ичүүчү суу системасын Алексеевка айылында эскирип копчулук жерлеринен суу чыгып жараксыз болгон.
Алексеевка айылы АРИСтин алкагындагы «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбооруна 2017 жылы кирген.
2018-жылы өткөрүлгөн тендердин негизинде ЖЧК “Победа», жана ААК «Жумгалсуукурулуш» мекемелери менен келишим түзүлүп Алексеевка суу системасын куруу үчүн долбоор даярдалган.
Даярдалган долбоор боюнча кыскача маалымат
Алексеевка айылын суу менен камсыз кылуу боюнча долбоор даярдалып, айыл өкмөтү, айылдык депутаттар жана жергиликтүү калк менен биргеликте каралып чыгып, сунушталган долбоор жактырылган. Долбоор жалпысынан айылды суу менен камсыз кылуу үчүн, тереңдиги 150 метрден болгон үч даана скважина, кайра кабылына келтирилген. 500 м3 болгон 2 даана суу топтоочу жай, жана 36393 метр суу түтүктөрүн камтыйт.
Тендердик процедуралар
2018 жылы Алексеевка айылынын суу системасын куруу жумуштарына тендер жарыяланып, тендердин негизинде 2018-жылы 28-май куну ЖЧК «Победа» жана ААК «Жумгалсуукурулуш» ишканалары менен келишим түзүлгөн. Курулуш мөөнөтү 18 ай. Келишимдин жалпы суммасы 100 336 749,66 сом
Аткарыла турган жумуштар
- Скважиналарды кайра калыбына келтирүү, жана насосторду орноштуруу
– 3 даана, тереңдиги 150 м.; - Суу топтоочу жай (резервуар) – 2 даана 500 м3;
- Магистралдык суу түтүктөрүнүн куруу - узундугу 2 973,3м, диаметри 200-160 мм.;
- Айыл ичиндеги суу түтүктөрүн куруу – узундугу 33 419,7 м, диаметри 65, 75, жана 110 мм.
Аткарылган пайызы – 100 %