Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычына тийиштүү түшүндүрмө
Пятница, 05 Февраль 2021 05:28

Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычына тийиштүү түшүндүрмө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы жыйынында Төрткүл суу сактагычы тууралуу билдирүүсүнө тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

Төрткүл суу сактагычынын көлөмү 90 млн кубду түзөт, ал Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган.

Бүгүнкү күндө Төрткүл суу сактагычы Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң га ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. Аталган суу сактагыч Баткен облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов 1991-жылдын 16-майында кол коюлган келишим боюнча суу ресурстарын бөлүштүрүү көйгөйүн билдирген. Бүгүнкү күндө аталган келишим боюнча тараптардын айрым пикир келишпестиги орун алган жана бул маселе Өкмөт башчы тараптан эске салынган.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү тарабынан аталган маселени мыйзам алкагында жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда.

Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, Төрткүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар Кыргыз Республикасына тийиштүү. Республиканын аймактык биримдигин сактоо жана мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги мамлекетибиздин негизги принциптери болуп саналат.

 

Источник: www.gov.kg

Read 543 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…