Күнүмдүк тамак-аш рационун ѳзгѳртүү аркылуу ден-соолукка кам кѳрүү
×

Внимание

There was a problem rendering your image gallery. Please make sure that the folder you are using in the Simple Image Gallery Pro plugin tags exists and contains valid image files. The plugin could not locate the folder: images/24.05.21_apnip_ratsion

Понедельник, 24 Май 2021 13:47

Күнүмдүк тамак-аш рационун ѳзгѳртүү аркылуу ден-соолукка кам кѳрүү

{gallery}24.05.21_apnip_ratsion{/gallery}Гулмайрам Топоева Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Чымгент айыл өкмөтүнө караштуу Чолпонбай айылынын тургуну, 54 жашта. Гулмайрам эже 5 баланын ардактуу апасы, 5 неберенин бактылуу чоң апасы. Учурда ал Чолпонбай айылындагы Сыйнат Садыков атындагы орто мектепте 33 жылдан бери башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенип келет. Кѳп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине ээ болуп, жаш муундарды тарбиялоодо ѳзүнүн олуттуу салымын кошууда.
Гулмайрам эже бир гана мугалимдик кесипти аркалабастан, 2019-жылдан бери #APNIP долбоорунун ыктыярчысы да болуп эмектенип келет. Дайыма долбоор тарабынан туура тамактанууга байланыштуу өткөрүлгөн окууларга активдүү катышып, долбоордун ыктыярчысы катары элге туура тамактануу жана ден-соолукту сактоо боюнча пайдалуу маалыматтарды таркатат.
Гулмайрам эженин айтуусунда: “Эң кызыктуу семинар “1000 күндүн аралыгындагы энелердин тамактануусу жана үй-бүлөнүн ар кандай тамактануусу” абдан кызыктуу жана пайдалуу экен. Кѳрсѳ, биз ден-соолукка терс таасир берүүчү зыяндуу тамак-аштар менен тамактанып жүрүптүрбүз. Мына мен ушул долбоордон алган маалыматтарымдын жана билимдеримдин негизинде үй-бүлѳѳмдүн рационун толук ѳзгѳртүп, азыр жалаң гана табигий жол менен ѳстүрүлгѳн жашылча-жемиштерди колдонуп, тамак жасап, кышка да кам кѳрүп жашылча-жемиштерди кургатып, сактоодомун. Менин мындай тыянакка келгенимдин негизги себеби, менин үй-бүлѳѳмдѳ наристе неберелерим болгондуктан жана алардын ден-соолугун ойлогондуктан, аларга витаминдүү азыктарды даярдап бергенге аракет кылуудамын. Мисалы, сабизден салатты даярдап, мында витамин “А” бар – бул салатты жесеңер боюңар узун, акылдуу, дениңер сак болосуңар деп неберелеримди шыктандырамын. Ошону менен бирге үй чарбамда ѳстүрүлгѳн жашылча-жемиштен жасалган салаттарды күнүмдүк рациондо колдонууга ѳттүк жана эт жегенден кийин чайды 1,5-2 саатка чейин ичпей калдык, чайдын ордуна компот же жөн эле суу ичүүгө аракет кылуудабыз” деп Гүлмайрам эже сѳзүн улантты.
Ошондой эле, долбоордун ыктыярчысы ѳзүнүн сѳзүндѳ тѳмѳндѳгүлѳргѳ токтолду: “Ѳзүңүздѳр билгендей, APNIP долбоору тарабынан элге жакшы жардамдар кѳрсѳтүлүп жатат, ѳзгѳчѳ элге кѳп пайдалуу маалыматтар таратылып, жергиликтүү элдин, ѳзгѳчѳ үй-бүлѳѳ мүчѳлѳрүнүн күнүмдүк жеген тамак-ашка болгон кулк-мүнѳзүн туура жакка ѳзгѳртүүгѳ долбоор олуттуу салымын кошууда. Мисалы, биз мурда туура тамактануу боюнча маалыматтын аздыгынан же жоктугунан десемби, туура эмес тамактанчуу экенбиз. Жашылча-жемиштен жасалган салаттарды дээрлик чанда жасасак, пайдалуу деп эсептелген жаңгак-мейизди балдарга, ѳзүбүзгѳ эмес, сыйлуу конокко берип келиптирбиз. Ал эми күнүмдүк рациондо ден-соолукка зыянын тийгизе турган кум шекерди, вареньяны кѳп колдонуп, балдарга болсо таттууларды жана туздалган зыяндуу чипсыларды, кириешкилерди, газдалган суусундуктарды алып берип жүрүптүрбүз. Неберелеримдин ден-соолугуна азыртадан кам кѳрүп, туура тамактанууга кѳп аракет жумшап жатам. Кудай буюрса, долбоор иш алып барган жалгыз гана биздин үй-бүлѳѳ эмес, бизге окшогон, туура тамактанууга аракет жасап, ден-соолугуна кам кѳргѳн үй-бүлѳѳлѳрдүн саны арбыйт деген үмүттѳмүн” дейт Гүлмайрам эже.

 

 

Read 1212 times Last modified on Среда, 26 Май 2021 14:06
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…