«Кош бойлуу эне аз кандуулукту алдын алуу аракетинде»
Понедельник, 02 Август 2021 20:09

«Кош бойлуу эне аз кандуулукту алдын алуу аракетинде»

Бүгүнкү постубузда APNIP долбоорунун алкагында ѳткѳрүлгѳн окутуулардын активдүү катышуучусу, долбоордон пайда табуучу, болочок ымыркайдын энеси Джумагулова Айперинин жасап жаткан аракети тууралуу маалымат менен бѳлүшмѳкчүбүз.

24 жашта, кош бойлуу жаш эне. Анын айылга келип жашаганына 1 жылдын гана жүзү болуп калды. Мектепти аяктап, жогорку окуу жайга өтпөй калгандыктан Орусиянын Москва шаарына жумуш издеп кетип, өз бактысын сырттан таап, Русланов Эрлан менен бирге түтүн буулатып, үй-бүлѳѳлүк турмушка аттанышкан

2015-жылдын 15-июнунда Робия аттуу кыздуу болушкан. Бирок шартка байланыштуу Робия тайэнесинин колунда тарбияланууга берилген. 2020-жылы жазында Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылындагы атасынын үйүнө кайтып келишип, учурда экинчи баласынын төрөлүшүн күтүп жатышкан учур. Бул мезгилге чейин акча, көр оокат деп жүрүп “Аз кандуулук деген эмне?”, анын себептери кандай оор экенине көңүл бурушкан эмес.

2021-жылы март айында #APNIP долбоорунун алкагында айылда уюштурулуп өткөрүлүүчү семинарга катышкан соң, Айпери жолдошу экөө тең “Аз кандуулуктун бала жана эне үчүн кесепеттери коркунучтуу экенин” түшүнүп, үй-бүлөлүк дарыгердин такай кеңештерине кулак салып, жазып берген темир камтыган дары-дармектерди долбоордон берилген календарга белгилеп, үзгүлтүксүз кабыл алып келүүдѳ.

Мындан тышкары, “мурда жалпы үй-бүлѳѳбүз менен тамакты чай менен ичип жүрсөк, азыр компот, жарма, максым суусундуктарын чайдын ордуна ичип калдык. Азыртадан дени сак балалуу болуш үчүн долбоор сунуштаган буклеттерди окуп, тамактануу пирамидасында көрсөтүлгөн азыктарга кѳп кѳңүл буруп, туура тамактанууга олуттуу басым жасап жатабыз. Ошондой эле, таттуулардын ордуна кургатылган өрүктү, мейизди ж.б дасторкондон үзбөй калдык” деп белгиледи Айпери. Эң негизгиси, Айпери дени сак балалуу болуу үчүн аз кандуулукту алдын алуу максатында темир камтылган дары дармектерди ичип, туура толук баалуу тамактануунун аракетинде.

Read 556 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…