Бүткүл дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгына карата APNIP долбоорунун алкагында ѳткѳрүлүп жаткан акциялар
Среда, 04 Август 2021 20:11

Бүткүл дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгына карата APNIP долбоорунун алкагында ѳткѳрүлүп жаткан акциялар

Үстүбүздѳгү жылдын 1- августунан тартып дүйнѳ жүзүндѳ Бүткүл дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгы башталды. Бул саамалык 1-7-август күндѳр аралыгында дүйнөнүн 170 өлкөсүндө жыл сайын белгиленип турат.

Эне сүтү менен багуу жумалыгынын негизги максаты – эне сүтүнүн баланын ден-соолугуна болгон пайдасы жөнүндө кеңири маалыматты жайылтуу аркылуу ымыркайларды жана энелерди көптөгөн илдеттерден сактоо жана аларды алдын алуу.

Эне сүтү менен багуу жумалыгын колдоо максатында #APNIP долбоорунун алкагында Нарын облусуна караштуу Эмгекчил айыл аймагындагы «Ак-Марча» суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчилигинин, жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органынын ѳкүлдѳрүнүн, фельдшердик-акушердик түйүндүн кызматкерлеринин, жергиликтүү долбоордун активистери менен ыктыярчыларынын катышуусунда 1-августта «Эне сүтү жашоонун маңызы» аттуу темада акция болуп ѳттү. Иш-чарага ата-энелер, мугалимдер, соцадис, айылдык ден соолук комитетинин мүчѳлѳрү жана башка кызыктар тараптардын катышышты.

Акция таймаш түрүндѳ, алдын ала тандалган 5 үй-бүлѳѳнүн катышуусунда ѳткѳрүлдү. Таймаштын эрежесине ылайык үй-бүлѳѳлѳр ѳздѳрүн тааныштырып, андан соң аталар тѳрѳт үйүндѳ эне менен балага керек болуучу кийим-кече жана буюмдарды чогултуп, эне сүтү менен ымыркайды багуудагы эрежелер, ден-соолукка пайдалуу азык-заттар, кѳндүмдѳр, ата тарабынан кѳрсѳтүлүүчү колдоолор тууралуу суроо жооп таймашы ѳткѳрүлдү. Кароо сынактын жыйынтыгын калыстар тобу чыгарышып, таймашка катышкан ата-энелерге ээлеген ордуна жараша төрөт үйүнө сумка, баланы жуунтуу үчүн набор, конверт-тѳшѳк, ымыркай үчүн жумшак тѳшѳк жана жүз аарчы белек кылынды.

Андан тышкары жалпы катышуучулар үчүн «суроо/жооп» викторинасы ѳткѳрүлүп, активдүү катышып, суроолорго туура жооп берген катышуучуларга долбоор тарабынан дайындалган белектер (кап, баш кийим-кепка, бѳтѳлкѳ) тапшырылды.

Read 476 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…