Бүткүл дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгына карата APNIP долбоорунун алкагында уюштурулган акция Кемин районунда өткөрүлдү

Лента новостей

Бүткүл дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгына карата APNIP долбоорунун алкагында уюштурулган акция Кемин районунда өткөрүлдү

Чүй облусунун Кемин районунун Алмалуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу айылында 2021-жылдын 2-августунда #APNIP долбоорунун алкагында “Бүткүл дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгына” карата “Эне сүтү – жашоонун маңызы” аттуу акция өткөрүлдү.

Акцияны долбоордун активисти Айкал Борончиева уюштуруп, ага айылдагы АДКнын (Айылдык ден-соолук комитет) мүчөлөрү, кош бойлуу энелер жолдоштору менен, ФАПтын (фельдшердик-акушердик пункт) кызматкерлери жана аймактын Ден-соолукту чыңдоо кабинетинин жетекчиси Сыдыкова Айгул катышышты.

Акция викторина түрүндө уюштурулуп, 5 үй-бүлөѳ, тагыраак айтканда 5 кош бойлуу эне жолдоштору менен конкурстарга катышып, долбоор тарабынан даярдалган белектерге ээ болуп, кубанычтары коюндарына батпай кетишти. Конкурстун жүрүшүн жергиликтүү ѳкүлдѳрдѳн турган калыстар тобу баалап, төмөндөгү орундарга ээ болушту:

  1. Баардык тапшырмаларды туура жана так аткарган Алмалуу айылынын жаш жубайлары Жетигенов Кайрат жана Нуркалиева Медина 1-орунга ээ болушуп, долбоор тарабынан даярдалган төрөт үйүнө сумкага ээ болушту.
  2. * 2-орунга Кызыл-Суу айылынан келген үй-бүлөѳ Дүйшеналиев Алмаз жана Мамбетакунова Перизат ээ болуп, бала жуундуруучу комплект алышты.
  3. * 3-орунга Абдирасулов Данияр келинчеги Толкун Абдыманапова ээ болушуп, бала орогуч алышты.
  4. * 4-орунга Джусупбекова Күлнура ээ болуп төшөкчө алды.
  5. * 5-орунга Ишенаалы уулу Кубанычбек жана Тилекмат кызы Мунара жолдошу ээ болушуп, жүз аарчы алышты.

Акция учурунда болгон жакшы окуя, бул 4-орунга ээ болгон Күлнуранын жолдошу келе албай калгандыктан, Станбек ата, келиндин кайнатасы “Келиниме дайыма колдоо көрсөтүүгө даярмын”, деп келип иш- чарага катышып, жылуу сөздөрүн айтып кетти. Чоң атанын келгени уюштуруучулар үчүн күтүүсүз болду, бирок чоң ата “келиним томсоруп калбасын, өзү дагы кош бойлуу, бизге келин эмес кыздай эле болуп калды” деп болочок небересин чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтып, баарыбызга жакшы үлгү көрсөттү.

Акцияга өлкөдөгү эпидемиялогиялык кырдаалга байланыштуу көп эл чогултулган жок. Бирок акцияга келген жергиликтүү тургундар долбоорго ыраазычылыгын билдиришти.

#Бүткүлдүйнөлүкэнесүтүмененбагуужумалыгы #APNIPдолбоору

Прочитано 427 раз Последнее изменение Понедельник, 27 Сентябрь 2021 04:17
Авторизуйтесь, чтобы получить возможность оставлять комментарии

СВР

 

Служба водных водных ресурсов при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики

График

Рабочие дни:

Понедельник - Пятница с 9:00 - 18:00 

Выходные дни:

Суббота, Воскресенье

Контакты

Адрес:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (приемная)

Факс:  

+996 312 54 90-94

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…