Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагында 3 жасалма мөңгү бар.
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Шекербек Камчыбек уулу Turmush басылмасына билдиргендей, кокту-колоттогу булактарды кайрадан жандандыруу, экосистеманы жакшыртуу, кургакчылыктан сактоо багытында долбоорлор аркылуу жасалма мөңгү жасоо иши колго алынды.
«Биринчи жолу 2022-жылы пилоттук негизде Кара-Дөбө айылына мөңгү жасалган болчу. Ал мөңгү 2023-жылдын 1-июнуна чейин турду. Айланасындагы булактардан суу чыгып, эң сонун жашылданды. 2023-жылы Өлөң-Булак айылында, Төгөрөк-Сай тилкесинде эки мөңгү жасалды. Учурда бизде 3 мөңгү бар. Мунун баары кургакчылыкты алдын алуу болуп жатат», - деди айыл өкмөт башчы.
Ал быйылкы жылы кыш жылуу болуп жаткандын жасалма мөңгүлөр былтыркыдай калың тоңбогонун кошумчалады.
- Кашка-Суу айыл аймагында калктын саны 10 миң адамдан ашат.