БИШКЕК, 16-март. — Eurasia Today. Орто-Токой суу сактагычы 1960-жылы курулган, Кыргызстандын аймагында курулган эң биринчи суу сактагыч болуп саналат.
Ага Чүй дарыясы куят. Узундугу 18 чакырымга, туурасы 5 чакырымга жетет. Суу сактагычтын жалпы көлөмү 470 миллион куб метр. Суу сактагычта 52 метр бийиктиктеги плотина бар, ал суунун топтолушун камсыз кылат. Андагы суу Чүй облусунун 320 миң гектар айыл чарба жерин сугаруу үчүн берилет.
Бүгүнкү күндө суу сактагыч 90%га толтурулган жана апрель айынын аягына чейин толук толуп калат.
Плотинада сууга түшүүчү тепкич бар, анда сандар белгиленген. Адистер ал сандар менен суу сактагычтагы суунун деңгээлин аныктай алышат. Тепкичтин бардыгы болуп 107 баскычы бар.
Мындан тышкары, суу сактагычтын аймагында бүгүнкү күндө сейрек кездешүүчү жана тарыхый баалуулукка ээ болгон совет учурундагы уникалдуу мозаикалар сакталып калган.
Былтыр кургакчыл болуп, суу тартыштыгына байланыштуу Орто-токой суу сактагычында суунун көлөмү аз болуп, андан улам фермерлер жапа чеккен.
Суу сактагычтын бүгүнкү күндөгү көрүнүшүн жана анда канча суу топтолгондугун фоторепортаждан көрүңүз.
- Click to open image! Click to open image!