Мамлекеттик тил күнү өлкөбүздө жыл сайын 23-сентябрда белгиленет. Ал мамлекеттүүлүктүн башкы символу, түпкү элдин тили. Улут катары биз аны сактоого жана өнүктүрүүгө милдеттүүбүз. Азыркы учурда тил саясатына өзгөчө көнүл
Понедельник, 25 Сентябрь 2023 08:56
Мамлекеттик тил күнү өлкөбүздө жыл сайын 23
бурулууда. Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынгандыгынын 30 жылдык маракесинде Кыргыз Республикасынын Президенти: ылымдардын барагында, тарыхтын бүктөмүндө канча муундар калып кетти, ал эми биздин улуу тилибиз жашап келет.
Ошондуктан эне тилибиз – ата-бабабыз бизге калтырган ыйык аманат, биздин урпактарга жетирүүчү негизги милдет. Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой милдет” - деп баса белгилеген. Бул
милдетти аткаруу үчүн “Кыргыз Республикасында 2021-2025- жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы” кабыл алынып, мындан аркы аткарыла турган иштер аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматында да аталган Мыйзамдын, программаны негизинде иш жүргүзүү боюнча иштер аткарылууда.
2023-жылдын 22-октябрында СРКнын тренинг залында Мамлекетик тил күнүнө арналган жыйналыш өтүп, ага Кызматтын кызматкерлери катышып, анда эне тилде документтерди сапаттуу жүргүзүү, аны өнүктүрүү жалпыбыздын милдет экендиги баса белгиленди. Мындан тышкары кат алышуу, документтерди кыргыз тилинде сапаттуу аткаруу жагына көңүл бурулду.
{gallery}ktil{/gallery}
Published in
Жанылыктар
Latest from Пресс служба СВР
- Суу ресурстары кызматынын борбордук аппараттын мамлекеттик жарандык кызматынын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт
- Базар-Коргон суу сактагычынын аймагында тартип орнотуу иштери уланууда
- Ысык-Ата районундагы Р-24 каналына бетон полотносу төшөлүп, сугат суу бериле баштады
- Аламүдүн районундагы Р-7 каналына бетон полотносун төшөө иштери ийгиликтүү аяктады
- Бишкекте ирригациянын келечеги талкууланды: суу секторундагы негизги инвестициялар жана реформалар
Login to post comments
