PAGE Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча саясий реформаларды тездетүүдө
Среда, 20 Декабрь 2023 14:55

PAGE Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча саясий реформаларды тездетүүдө

12/12/2023 – Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотовдун төрагалыгы алдында Байкоочу кеңештин отуруму болуп өттү, анда долбоордун демилгесин ишке ашырууга баа берүү болду. “Жашыл экономика үчүн өнөктөштүк аракеттер” (PAGE) Кыргыз Республикасында өткөн жети жылдын жыйынтыгын чыгарган жана 2024-жылга пландар каралууда. Байкоочу кеңештин жыйыны өлкөдө жашыл экономиканын улуттук стратегиясын ишке ашырууну жана ага байланыштуу иш-чараларды колдоо максатында өтүүдө.

Анын ачылыш сөзүндө Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов баса белгиледи: “PAGE демилгеси – бул жагымдуу саясий шарттарды, стимулдарды, бизнес моделдерин жана өнөктөштүктү түзүүгө багытталган долбоору. Анын максаты - жашыл технологияларга, жаратылыш ресурстарына, адамдык жана социалдык капиталга аракеттерди жана инвестицияларды көбөйтүү. PAGE буга социалдык-экономикалык өнүгүүгө, туруктуулукту жана жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүүчү саясий процесстерди, чечимдерди жана инвестицияларды тездетүү аркылуу жетишет».

Жолугушууга ошондой эле БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн орун басары – Моника Ризал, ЭЭУ кеңсесинин өкүлү – Лилия Качкинбаева, ЮНИДО өкүлү – Абу Саид, ЮНЕПтин өкүлдөрү Мадина Ибрашева жана Клэр Портдевин, ошондой эле Жашыл экономика университеттеринин ассоциациясынын өкүлү - Назира Эсеналиева катышты.

БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Риззал баса белгиледи: “PAGE агенттиктери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирге “Жашыл экономика” программасынын негизги артыкчылыктарын иш жүзүндө ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатышат. БУУ PAGE тематикалык багыттары: Жашыл экономиканы моделдөө, Туруктуу каржылоо, Жашыл жумуш орундары, Жашыл индустрия жана негизги мамлекеттик актерлор менен стратегиялык өнөктөштүк аркылуу Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү».

БУУӨП - ЮНЕП, ЮНИДО, ЭЭУ жана ЮНИТАР менен бирге Кыргыз Республикасындагы PAGE боюнча башкы агенттик. Жашыл экономика – ТӨМгө жетүүнүн негизги жолдорунун бири жана Кыргызстандагы PAGEнин иши туруктуу айыл чарбасы, сапаттуу билим берүү, татыктуу жумуш жана экономикалык өсүш, өнөр жай, инновациялар жана инфраструктура, климатка каршы аракеттенүү жана өнөктөштүк сыяктуу бир нече ТӨМгө жетүүдөгү прогрессти колдойт. Ошондуктан БУУӨПтүн 2028-жылга чейинки Өлкө программасында инклюзивдүү жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча иш-чараларды туруктуу экономикалык өсүштүн приоритеттүү багыттарынын бири катары белгилеген.

Жолугушууда Кыргызстандын туруктуу өнүгүү саясатына жана практикасына жашыл экономиканын принциптерин интеграциялоону улантуу үчүн жетишкендиктер, болгон тоскоолдуктар жана туруктуулук аспектилери каралды. Жолугушуунун катышуучулары негизги кызыкдар тараптардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн бирдиктүү үзгүлтүксүз жана пландаштырылган иштери аркылуу PAGEнин натыйжаларын колдоо боюнча маалымат жана идеялар менен алмаша алышты.

Долбоордун ишмердүүлүктүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү ишинин натыйжалары, анын ичинде туруктуу жашыл каржылоо жана анын жол картасы, такталууда. Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын белгиленген артыкчылыктарын колдоо үчүн КР ӨКМнин жана Банктар союзунун түздөн-түз катышуусу менен Кыргызстанда жашыл каржылоо механизмин ишке киргизүүнүн жана аны бардык кызыкдар өнөктөштөр менен тыгыз кызматташуу аркылуу ишке ашыруунун ар кандай варианттары каралды. Мындан тышкары, жашыл жумуш орундарын түзүү моделин иштеп чыгуунун жыйынтыктары жана өлкөнүн ЖОЖдорунда жашыл экономика боюнча окутуу программаларын киргизүү боюнча иштердин жыйынтыктары сунушталды. Туруктуу мамлекеттик сатып алуулар боюнча ЮНЕПтин жыйынтыктары жана пландары сунушталды.

«Учурда ЭЭУ Кыргызстанда жашыл жумуш орундарын баалоо моделин иштеп чыгуу, ошондой эле экономиканы өнүктүрүү, эмгек рыногу, ишкердик жана экология маселелерине басым жасоо боюнча ЭЭУнун PAGE ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берүүчү кыскача баяндаманы жыйынтыктоодо. Башкача айтканда, жашыл экономиканы өнүктүрүүгө келгенде, татыктуу жашыл жумуш орундарын түзүүнү камсыз кылуу маанилүү экенин түшүнүү керек”, - деп бөлүштү ЭЭУнун Кыргызстандагы долбоорлорунун координатору Лилия Качкинбаева.

Глеб Покатович, БУУӨПтүн жашыл каржылоо боюнча эксперти: “Бүгүн биз Кыргызстанда жашыл каржылоонун улуттук механизмдерин ишке ашыруу боюнча ар кандай институттардын талаптарын баалоодобуз. Бул жашыл долбоорлор үчүн эл аралык донорлор тарабынан берилүүчү каржылоонун көлөмүн баалоо жана ачыктыкты жогорулатуу менен бирге арыз берүү процессинде компанияларды колдоо жолдорун изилдөөнү камтыйт. Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана башка кызыкдар тараптар менен биргеликте иш-чаралардын планын иштеп чыгуу боюнча активдүү аракеттер көрүлүүдө”.

Кыргызстандагы PAGE 2024-жылы тандалган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча GIZ жана ЕККУ менен өнөктөштүктө улантылат. Жашыл экономиканы моделдөө Экономика жана коммерция министрлигине караштуу жаңыдан түзүлгөн Туруктуу өнүктүрүү институтунун көңүл борборунда болот. Эксперттик колдоо 2024-2028-жылдарга Жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын өнүктүрүүгө, ошондой эле PAGE жыйынтыктарынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жашыл экономиканын тандалган багыттары үчүн ресурстарды мобилизациялоого жайылтылат.

***

 

PAGE жөнүндө: Жашыл экономика үчүн аракеттенүү үчүн өнөктөштүк (PAGE) – 2030-жылга чейинки күн тартибин алдыга жылдыруу үчүн экономикалык саясаттын жана практиканын өзөгүнө туруктуулукту коет. PAGE – Рио-де-Жанейродо өткөн БУУнун ТӨ боюнча конференциясынын жыйынтыктарына жооп катары демилгеленген (RIO+20, 2012) Бул БУУнун 5 агенттигинин биргелешкен демилгеси.

Учурда жыйырма эки өлкө расмий түрдө өнөктөштөрдүн тизмесине киргизилген жана PAGEден түз колдоо алышат (Буркина-Фасо, Кытай (Цзянсу провинциясы), Гана, Маврикий, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Бразилия, Түштүк Африка, Перу, Гана, Сенегал ж.б.), 32 мамлекет катышууга кызыкдар экенин билдирди. Дүйнөнүн 48 өлкөсү жашыл экономиканын стратегияларын жана программаларын иштеп чыгууда. Кыргызстанда экономика жана коммерция министрлиги бул долбоордун алкагында жашыл өнүгүү демилгелерин илгерилетүү боюнча координациялоочу орган болуп саналат. Финансы министрлиги, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Чөйрөнү жана токой чарбасынын коргоо мамлекеттик агенттиги, Улуттук статистика комитети дагы PAGE демилгесинин өнөктөштөрү болуп саналат.

Read 51 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…