Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) долбоору тарабынан райондук суу чарба башкармалыктарына атайын техникалар тапшырылды
Понедельник, 26 Февраль 2024 09:53

Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) долбоору тарабынан райондук суу чарба башкармалыктарына атайын техникалар тапшырылды

2024-жылдын 26-февралында ИӨБнын «Ысык-Көл жана Нарын областарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында Ысык-Кѳл жана Нарын облусунун 4 райондук суу чарба башкармалыктарына атайын техникаларды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Бүгүнкү күндө, Ислам ѳнүктүрүү банкы жана Сауд ѳнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып «Ысык-Көл жана Нарын областтарында сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү» долбоору ишке ашырулууда. Долбоор Ысык-Көл областынын Тоң менен Жети-Өгүз жана Нарын областынын Кочкор менен Жумгал райондорун камтыйт. 

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Тоң, Жети-Ѳгүз, Кочкор, Жумгал райондук суу чарба башкармалыктарына сугат системаларын тейлөө үчүн атайын техникалар, анын ичинде дөңгөлөктүү экскаватор, самосвал, өзү жүктөөчүсү менен өзү жүрүүчү бетон аралаштыргыч, кран манипулятор тапшырылды. Сатып алынган техникалардын жалпы суммасы 87,0 млн. сомду түзѳт.

“Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү” долбоору Улуттук стратегиянын максаттарына жетишүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кечиктирилгис жардам көрсөтүү болуп саналат, ошондой эле ирригация тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө, дыйкандардын суу ресурстарына жана сугат кызматтарына жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган. Бул долбоорду ишке ашырууда аймактын айыл чарбасына оң таасирин тийгизип жана чарбалардын бакубаттуулугун жогорулатууга, улуттук азык-түлүк коопсуздугу программасындагы милдеттерин аткарууга көмөктөшөөрү жана ошондой эле аймактын социалдык-экономикалык секторун өнүктүрүүгө түрткү берет деп күтүлүүдө.

Долбоордун ѳнүктүрүү максаты айыл-чарбаны туруктуу ѳнүктүрүү жана суу ресурстарын башкарууну климаттык ѳзгѳрүүлѳргѳ ыңгайлаштыруу менен айыл тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелет.

Долбоордун алкагында орточо кубаттуулугу 3,5 млн м3 болгон 3 суу сактагычты (Уч-Коргон БСРи Тоң районунда, Шамшы БСРи Кочкор районунда, Түгѳл-Сай БСРи Жумгал районунда) куруу мерчемделген, мындан сырткары Жети-Ѳгүз районунда Арабел-Суу дарыясынан Жуука дарыясына сууну которуп алуу каралган. Долбоордо 125 км жаңы ирригациялык тутумдарын куруу каралган. Суу сактагычтардын курулушу менен фермерлерге сугат сууну жеткирип берүүгѳ кепилдик пайда болот жана мындан сырткары 6000 гектар жаңы сугат жерлери ишке киргизилип, 14600 гектар жердин сугат суу менен камсыз болуусу жогорулайт. Натыйжада региондогу суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Бул долбоордун аткаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү ѳнѳр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы саналат.

  

Долбоорду ишке ашыруу бѳлүмү:

Тел: 540558; 540537

e-mail: inprojectpmu@gmail

Read 30 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…