Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев 13-март күнү Чүй облусунун аймагын кыдырып, бош жаткан кайрак жерлерди тамчылатып сугаруу ыкмасы менен иштетүү, жүзүм, мөмө жемиш бактарын тигүү боюнча алдыда аткарыла турган иштер менен таанышты.
Коюлган талап, пландарга ылайык быйылкы жылы Кемин районунун Чым-Коргон айылынды 38 гектар, Чүй районунун Искра айылында 8 гектар кайрак жер өздөштүрүлүп, жүзүм тигилмей болду.
Жолугушууда министр Б. Торобаев: “Учурда республика боюнча иштетилбей бош жаткан жерлерди өздөштүрүп, кайсы аймакта кандай пайдалуу, киреше көп берген айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрөбүз деген атайын программанын негизинде иш алып баруудабыз. Кимдер кооператив түзсө, мамлекеттин балансындагы өздөштүрүлбөй бош жаткан кунарсыз, кайрак жерлерди берип, аны иштетүүгө каржы булактарын караштырып, арзан насыя жана тамчылатып суугаруу системасын орнотуп берүү, ал түгүл МТСтерди берүү жагын пландаштырып жатабыз. Натыйжада, өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын көлөмү артат, сапаты жогорулайт, дыйкандар дагы кирешеге чыгышат”, - деп билдирди.
Бул аракеттер өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу менен экспорттук потенциалын жогорулатаары айтылды.
- Click to open image! Click to open image!