Чүй облусунун Кемин районунда өзгөчө ирригациялык мааниге ээ суткалык жөнгө салуу бассейндери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кемин райондук прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан Кемин районунун Кара-Булак айыл аймагында тиешелүү документтери жок, кароосуз калган, ошол эле маалда айыл чарба иштерине зарылчылыгы курч турган «Ак-Сарай» жана «Бейшеке» аттуу суткалык жөнгө салуу бассейндери аныкталган.
Райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде жалпы баасы 291 856 000 сомду түзгөн суткалык жөнгө салуу бассейндери толугу менен мамлекеттик менчикке алынган.
https://www.turmush.kg/news:584174/?from=turmush&place=translate