31 миллион сом сарпталган: Өлкөдөгү эң чоң насостук станциялардын бири оңдолуп, суу бере баштады
Четверг, 14 Март 2024 11:05

31 миллион сом сарпталган: Өлкөдөгү эң чоң насостук станциялардын бири оңдолуп, суу бере баштады

Өлкөдөгү эң чоң насостук станциялардын бири Лейлектеги «Арка» каскаддык насостук станциясы толук оңдолуп, суу бере баштады. Бул тууралуу Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Базарбай Асанов билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда аталган насостук станция толук ишке кирген.

«Арка» каскаддык насостук станциясы тарабынан Лейлек районунун Жаңы-Жер аймагына жалпысынан 3111 гектар жерге суу жеткирилет. Азыркы учурда толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, суу айдалууда», - деди ал

Арка» насостук станциясы 1982-жылы ишке киргизилген.

Буга чейин Базарбай Асанов Кыргызстандагы эң чоң насостук станциялар Лейлек районунда жайгашканын билдирген. Аларды оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 31 млн сомдон ашуун акча бөлүнгөн. Мындан сырткары Кең-Талаа айыл өкмөтүндөгү сыйымдуулугу 129 миң куб метр болгон суу сактагычты оңдоого 11,2 млн сом бөлүнүп, иштер аяктап калды.

«Лейлек районунун жалпы 11 миң гектар сугат аянттарынын 54% насостук станциялардын жардамы менен суу жеткирилет. Жалпысынан 13 насостук станция бар. Жакында дагы 2 насостук станция бизге өтөт. Станцияларды оңдоп- түзөөгө 31,3 млн сом каралган.

Кыргызстандагы эң чоң насостук станциялар бизде жайгашкан. Мисалы Сыр-Дарыя, Кайрак-Кум суу сактагычынан суу тартып берип турган Арка каскаддык насостук станциясы дагы оңдоп түзөөдөн өтүп жатат. Аны менен бирге Баул айылындагы суу сактагыч Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өтүп жатат. Аны оңдоп-түздөө үчүн 15 млн сомдон ашык каражат бөлүндү», - деген ал.

Лейлек районунун Арка өрөөнүндө суу үстүндө калкып туруучу ири насостук станция жайгашкан. Тажикстандын Кайрак-Кум суу сактагычына курулган насостук станция Кыргызстандагы уникалдуу ирригациялык объект болуп саналат. Аталган суу сактагыч 1982-жылы пайдаланууга берилип, Жаңы-Жер айыл аймагында жашаган 30 миңге жакын тургундун 3 миң 111 га айдоо жерин суу менен камсыз кылып келет. Суу сактагычтын кыймылдаткычтарына керектелүүчү электр энергиясынын бир жылдык төлөмү 45 млн сомдон 50 млн сомго чейин жетет. Чек арадагы калктын туруктуу жашап калуусу үчүн Козу-Баглан дарыясынын нугу менен Арка өрөөнүнө суу жеткирүү аракеттери көрүлүп баштаган.

Өкмөттүн 2017-жылдагы №440 токтомунун негизинде аталган аймакка суу жеткирүү үчүн 1 млрд 700 млн сом бөлүнгөн. Ал эми суу каналын 2026-жылга чейин толугу менен куруп бүтүү пландалган.

Кайрак-Кум суу сактагычындагы станция:

2017-жылы октябрь айында Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын башчысы Мамашарип Бердалиев Лейлек районунун Арка айылындагы насостук станциялар текшерилерин кабарлаган.

Анын айтымында, «Арка» насостук станциясы 1982-жылы ишке киргизилген. Анын 1 жылдык эксплуатациялык чыгымдары 55-60 млн сомду түзөт. Анын ичинен электр энергиясына 40 млн сомдун тегерегинде акча керектелет.

Аталган айылда жалпы насостук 4 станция, 18 агрегат бар. «PN-6х320» үлгүсүндөгү насостук станциясы Кайрак-Кум суу сактагычында жайгашкан. Бул насостук станциялар Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер, Достук, Жаштык жана Арка айылдарындагы 3111 гектар жер аянтын суу менен камсыздайт. Бул аймакта 150 гектар жер аянтына гана дан эгиндери эгилет.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Кайрак-Кум суу сактагычында жайгашкан насостук станциянын эскилиги жеткен. Бул станцияны иштетүү үчүн электр энергияны Тажикстандан алышат. 2016-жылкы электр энергиясына 44 млн сом төлөнгөн. Жаз, жай айларында электр энергия берилбей же насостук станция иштебей калган учурлар катталат.

Суу чарба башкармалыгынын Лейлек району боюнча жетекчиси Алтынбек Чербеков бул насостук станциялардын кээ бир бөлүктөрү 2012-жылы атайын оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөнүн, быйылкы жылы да кайрадан карап чыгуу пландалып жатканын айткан.

 Фото здесь: 

https://www.turmush.kg/news:584134/?from=turmush&place=translate

 

Read 24 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…